«Тоталитардык иштөө ыкмасына кайтуу». Активисттер жаңы кодекстер боюнча Жапаровго кайрылды

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 09 Июн 2021 19:17
0 ой-пикир

«Стратегиялык чечимдер» коомдук фонду президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту. Юристтер мамлекет башчысын Жазык, Жазык-процессуалдык жана Жазык аткаруу кодекстерине киргизиле турчу өзгөртүүлөрдү кийинкиге жылдырууну суранышууда. Бардык өзгөртүүлөр Башкы прокуратуранын жетекчилиги алдында иштелип чыккан.

Юристтер жаңы кодекстердин версиялары көптөгөн эреже бузуу менен жана жабык эшик артында жазылганын баса белгилешти. Адистер алар көп жагынан 1997-жылкы кодекстерге окшош болуп калганын белгилешүүдө. Ал жерде коррупцияга, кысым көрсөтүүгө, кыйноого жана башка мыйзам бузууларга шарт түзүлгөн болчу.

Сунушталган кодекстердин версиясы Кыргызстан кол койгон эл аралык конвенцияларды жана келишимдерди гана бузбастан жакында эле күчүнө кирген Жаңы Конституцияга дагы туура келбейт.

«Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун адистери эгер бул кодекстер кабыл алынса, Кыргызстан «өлкөнүн жетишкен өнүгүшүнөн жана адам укуктарынан артка кетет» жана советтик системага кайтып келет. Абакка кесилгендер көбөйөт, сот адилеттүүлүгүнө жетүү төмөндөйт.

Президенттин эркин бузуу

Юристтер азыр Башкы прокуратура сот укуктук реформаны шылтоолоп жаңы кодекстерди жазуу менен алектенбеши керек деп эсептешет. Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, алар учурдагы кодекстердин дал келбештигин гана анализдеши керек болчу.

«Жазык кодексинин жана Жазык-процесстик кодекстин колдонуудагы ченемдерине талапка ылайык талдоо жүргүзүлгөн жок; криминологиялык изилдөөлөр жана эсептөөлөр берилген эмес. Болгону өткөн кылымдагы укуктук тутумдун айрым институттары жөн эле кайтарылып келгени жатат», — деп айтылат маалыматта.

Активисттер күч түзүмү акыр аягы реформаланат деп ишенишкен, анткени азыр «ИИМдин ички иштеринде, прокуратурада, коопсуздук органдарында, тергөө кызматтарында, ыкчам-иликтөө кызматтарында өзгөрүүлөр жүргөн жок».

«Уюштуруу жана башкаруу реформалары, аларды демократиялаштыруу ушул системалардын ичинде жүргүзүлбөй келет. Алар ондогон жылдар бою модернизацияланган эмес, тескерисинче, алар коррупция, сенектикке, деградация жана мыйзамсыздык туңгуюгуна дагы тереңдеп кирип бара жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Алардын айтымында, «чыныгы реформалар башталганда, анын өзөгү адам, экономикалык өнүгүү жана укук коргоо секторун модернизациялоо коюлат», тилекке каршы бул жолу андай болгон жок. Башкы прокуратура президенттин идеясын «жокко чыгарды» жана жаңы кодекстерди иштеп чыгуу процесси юристтердин «бул ишке толугу менен көңүл калуусун жана ишенбөөчүлүгүн гана жаратат».

Башкы прокуратура эмне кылды?

Юристтер Башкы прокуратура кодекстерге жабык эшик артында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизгенин белгилешет. Жумушчу топтун 70%ы коопсуздук кызматкерлери жана «укук коргоо органдарынын иши менен тыгыз байланышкан» мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган. Журналисттер «талкууланган маселелерди туура түшүнө алышпайт» деген шылтоо менен, журналисттерге жабык болду.

«Алар 1997-жылкы кодекстерге кайтып баргысы келет деп уккандырсыз. Булар адам укуктары жетишсиз корголгон кодекстер, аларда кыйноолорго, коррупцияга, жарандардын конституциялык укуктарын бузууга алып келген көптөгөн жоболор бар. Алар адам укуктарын коргоо тутумунда иштей албайбыз, ошондуктан өлкөдөгү жетишкендиктерди өз түшүнүктөрүнүн деңгээлине жеткирүү үчүн артка кайткыбыз келет деп жатышат», — деп юристтер Жапаровго кайрылышкан.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнө кодекстердин долбоорунун тексттерин кагаз түрүндө дагы электрондук түрдө дагы беришкен эмес.

«Иш үн аркылуу, проектор экранынан гана жүргүзүлүп, чынчыл жана ачык мыйзам чыгаруу процессинде болбой тургандай алып барылды», — деп жазылат кайрылууда.

Ошол эле учурда, 7-майда парламенттин сайтында коомдук талкуу үчүн кодекстердин «чийки» долбоорлору жарыяланган. Адвокаттар жана эксперттер аларды талдап окуп жатканда, прокуратура — негизги иштеп чыгуучу катары аларды жабык эшик артында жазып жаткан.

Демек, «актуалдуу эмес мыйзам долбоорлору коом үчүн жөн гана көргөзүү максатында, ЖКда коомдук талкуу жүргүзүү үчүн талап кылынган мөөнөттөрдү расмий түрдө сактоо максатында гана жайгаштырылган».

«Бирок, муну коомдук угуулар деп атоого болбойт, айрыкча, бүтүндөй коом үчүн, мисалы, миллиондогон жарандарыбыздын укуктарына тиешеси бар мыйзам долбоорлору боюнча, алар эртең жаңы түзүлүп жаткан системанын барымтасында калышы мүмкүн. Мындай иште ушундай ыкма болбогон нерсе», — деп юристтер белгилешкен.

Юристтер долбоорлордун акыркы версиясы 2021-жылдын 31-майына караган түнү Башкы прокуратуранын сайтында пайда болгонун билдиришти. Ал эми 2-июнда Башкы прокуратура аталган долбоорлорго сунуш-пикирлерди алуу үчүн презентация уюштурган.

«Адамдарга аларды изилдөө үчүн мүмкүнчүлүк жана жетиштүү убакыт берилген эмес… Эгер чын эле иштесе дагы, аны бир нече айдын ичинде да жасоо кыйын. Бул жөн гана адамдарды сыйлабастык, мыйзам чыгаруу жол-жобосун жокко чыгаруу жана жарандардын чечим кабыл алууга катышуу укугун бузуу», — деп юристтер нааразычылыгын билдиришти.

Алардын пикири боюнча, «кодекстердин долбоорлордун презентациясын коом менен чынчыл диалог деп атоого болбойт» — . Талкуу учурунда Башкы прокуратура тарабынан уюштуруучулар катышуучуларга мамлекеттик жана расмий тилдеги презентация тексттерин алууга мүмкүнчүлүк беришкен жок.

«Чынчыл мамлекеттик органдар өз эли менен ушундай иш алып барышабы? Прокуратурага мыйзамдарды өз кызыкчылыктарына ылайык жазууга ким укук берди? Эгер биз элден сурасак, бир дагы жаран прокуратура, Ички иштер министрлиги, УКМКнын ыйгарым укуктарын күчөтүүнү каалайбыз деп айтпайт. Бул укук, Конституцияга ылайык, элде гана бар. Ал бул укукту мамлекеттик органдарга анын атынан мыйзам жазууга берет», — деп айтылат кайрылууда.

Эгер кодекстер иштеп баштаса эмне болот?

Кайрылууда белгиленгендей, кодекстердин долбоору «начар иштелип чыккан, башаламан жана структуралаштырылбаган мүнөзгө ээ, беренелердеги карама-каршылыктар жана текст кайталанган». Мындан тышкары, аларда Кыргызстандын азыр иштеп жаткан мыйзамдарына дал келбөөчүлүктөр бар.

Мисалы, Жоруктар боюнча кодексти жокко чыгаруу 2021-жылы 5-майда Садыр Жапаров кол койгон Конституцияга каршы келет.

«Бул эл тарабынан жаңы кабыл алынган Конституцияга түздөн-түз кол салуу», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, адвокаттар Жапаровдон Ички иштер министрлиги жана башка күч кызматкерлери киргизип жаткан коркунучтуу кемчиликтерге көңүл бурууну өтүнөт.

  • иш тоталитардык коркунучтуу ыкмаларга кайтууга бурулуп бара жатат, Башкы прокуратура КЖКнын долбооруна 1997-жылдын кодекстеринен ченемдерди киргизүүдө. Тергөө алдындагы текшерүү институту кайтарылып келүүдө — адамдардын укуктук абалы аныкталбайт жана ошого жараша эч нерсе менен корголбойт, коррупциянын элементтери пайда болот;
  • положения кодексов нарушают ряд международных стандартов по правам человека и международные конвенции, подписанные Кыргызстаном;
  • кодекстердин жоболору адам укуктары боюнча бир катар эл аралык стандарттарды, ошондой эле Кыргызстан ратификациялаган эл аралык конвенцияларды бузса юридикалык жактардын кылмыш жоопкерчилиги негизсиз алынып салынган;
  • мыйзамдарды катаалдаштыруу, гумандаштыруудан баш тартууга бара жатышат (жазанын мөөнөтү, ошондой эле жашы жете электерге карата санкциялар күчөтүлгөн);
  • — Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри жок болууда — бул болгон кылмыштарды жашырууга жардам берет жана мамлекетке өзүнүн жазык саясатын түзүүгө жол бербейт;
  • Жоруктар кодекси жок болууда — бул «сөзсүз түрдө ар кандай оорчулуктагы кылмыштардын ортосундагы чектин жок болушуна алып келет жана прокурорлорго аны адамдарга каршы колдонууга, анын ичинде коррупция үчүн эшикти ачууга мүмкүндүк берет».

Юристтер эмнени сунуштап жатышат?

«Стратегиялык чечимдер» коомдук фонду мындай өзгөрүүлөрдөн улам «жазык юстиция тармагында жылыш эмес, чоң регресс болуп жатканын» белгилешет.

«Акыркы 20 жылда Кыргызстанда эч качан адам укуктарына, коомдун кызыкчылыктарына, экономикалык өнүгүүгө жана биздин жалпы келечегибизге мындай коркунуч болгон эмес. Дагы бир жолу укук коргоо, көзөмөлдөө жана башка укук коргоо органдарынын кызыкчылыктарын коргоо максатында коомчулукка чыккынчылык жасалып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Юричттер реформага шашылбай, аны Башкы прокуратура жана укук коргоо органдары менен гана жасабай — бул документтердин бардыгын кеңири жана терең талкуулоо керек деп эсептешет.

Кыргызстандын учурдагы мыйзамдары көптөгөн эл аралык стандарттарга жооп берет. Ал «адам үчүн, анын коргоосу астында, аны күч структураларынын коррупциясынан, алардын кысымынан, кыйноолорунан жана опузалап коркутуп-үркүтүүдөн сактоо менен» жазылган.

«Бүгүнкү күндө күч органдары бул укуктарды коомчулуктан алып койгусу келет. Жаңы шарттарда иштеп, коомдун өнүгүү деңгээлине жетүү аларга кыйын болгондуктан гана алар ушуга барып жатышат», — деп айтылат документте.

Андыктан, «Стратегиялык чечимдер» коомдук фонду Садыр Жапаровдон реформаларды көзөмөлдөөнү жана кодекстерди оңдоону «аналитикалык иштер жүргүзүлүп, мыйзамдарды өзгөртүү Концепциясы иштелип чыкканга чейин» жылдырууну өтүнөт.

Мындан тышкары, юристтер Жапаровго жазык юстициясынын адилеттигин жүзөгө ашыруунун бирдиктүү Стратегиясын түзүүнү сунушташат, анда укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын ишмердүүлүгүн так жазуу белгиленген.

Бул «бир стратегиялык документте бардык реформаны тартипке келтирүүгө жана синхрондоштурууга» мүмкүндүк берет.

Автор Елена Короткова

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.