Путин менен Садыр Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү пландала элек

Окуялар тизмеги 09 Май 2021 16:37
0 ой-пикир

Азырынча Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү пландалган эмес. Бул тууралуу Россиянын «ТАСС» басылмасына Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ага Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүсүнөн кийин жакын арада Садыр Жапаров менен дагы жолугушуу болобу деген суроо узатылган.

«Азырынча графикте жок», — деп жооп берди Песков.

Тажикстандын президенти кечээ, 8-майда Москвага барып, Владимир Путин менен жолуккан. Бүгүн, 9-майда ал Кызыл аянттагы Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат.

Эске салсак, буга чейин Песков тажик президентинин иш сапары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга чейин эле пландалганын билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.