Чек арадагы чыр-чатакты иликтөө жана чыгымдарды эсептөө үчүн Ички иштер министрлигинин 52 ыкчам-тергөө тобу барды

Окуялар тизмеги 08 Май 2021 11:31
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы куралдуу жаңжалды иликтөө жана чыгымдарды эсептөө үчүн Ички иштер министрлигинин 52 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

“Өлкөнүн бардык аймактарынан жөнөтүлгөн топтор чыгымды тактоо менен бирге тажик тараптын курал колдонгону жөнүндө далилдерди документтештирип, чогултуп жатат”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 8-май саат тогуз жарымдагы маалыматка караганда, абал туруктуу, түндө чыр-чатак катталган жок.

Баткен облусунун аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин “Шер” атайын багыттагы, Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын багыттагы курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.