Галина Байтерек: «белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты»

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 15:00
2 ой-пикир

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Баткенде өлкө башчынын эл менен жолугушуусунда ага суроо берген эки жигит тууралуу маалымат таратты.

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу журналисттер, ЖМК өкүлдөрү!Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында кыргыз-тажик чек арасындагы болгон жаңжалда жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушуп келди, иш сапар жыйынтыкталды. Бул иш сапар боюнча алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарланбагандыгы, иш сапарга журналисттерди кошо алып барбагандыгы жөнүндө суроолор жаралууда. Урматтуу кесиптештер!Баткен облусуна иш сапар акыркы моментте эле чечилди. Тажикстан менен чек арада болгон акыркы окуяларда жабыркаган баткендиктер менен жолугушууну пиар үчүн же публика үчүн болгон жок деп айтсак болот. Мында башкы максат жергиликтүү тургундар менен көзмө-көз сүйлөшүү болчу. Ошондой эле бул жеке жолугушуу болгонун айта кетейин. Садыр Нуркожоевич үчүн баткендиктер менен ачык сүйлөшүү, алардын көкүрөгүндөгү көйгөйлүү маселелерин угуу маанилүү эле. Албетте, бул жолугушуу оңой болгон жок. Бардык эмоцияларды эле көрсөтүп, бардык кайгы-капалар жалпы элге чыгарылбашы керектигин түшүнөсүздөр деп ойлойм. Ошону менен бирге бардык эле адамдар, анын ичинде мындай кыйын кырдаалды башынан өткөргөндөр видеого түшүүнү каалашкан жок, көптөгөн журналисттердин көз алдында камералардын астында ачылып сүйлөй да алышмак эмес.Жалпысынан сапар абдан маанилүү, керектүү жана жемиштүү болду. Чын ниеттен сөздөр ачык айтылды. Тилекке каршы, жолугушуунун жүрүшүндө түшүнбөстүктөр болуп кетти. Белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты. Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү. Азыр «хайп» кыла турган убак эмес, учурдагы эң маанилүү маселе — чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалды бирото кайталанбашы үчүн бардыгына аракет кылуу. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү, алардын муктаждыктарын чечүү, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү милдеттери турат. Элибиз өздөрүн коопсуз сезиши керек. Бул багытта иштер жигердүү жана масштабдуу жүргүзүлүп баштады. Урматтуу достор жана кесиптештер!Сиздерди мындай абалды түшүнөт деп ишенем, ошондой эле Тажикстан менен чек арадагы болгон окуяларды объективдүү чагылдыруу боюнча жасаган иштериңер үчүн, Кыргыз Республикасынын позициясын, кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоону улантканыңар үчүн терең ыраазычылык билдирем! Эгерде сиздердин жардамыңар, колдооңор, кесипкөйлүгүңөр жана берилгендигиңер болбосо, маалыматтык чабуулдардын мизин кайтаруу өтө кыйын болмок!

2 ой-пикир “Галина Байтерек: «белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты»

  1. Эркыргыз.

    Чындыкты айтты!!! Провокатор эмес эле, бизде, элде деле коз,акыл эс бар,силерден тузугуроок иштеген. Саясатынарды токтотпойсунарбы Галина Байтерек!

  2. Калыс

    Эл жонундо элдин озуно эскилерче калп айтып нааразычылыкты кобойтуп, эл кыжырына тийгенди качан токтотосунар!!!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.