Бишкектин борбордук бөлүгүн туура эмес пландаштырууда 20 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 17:48
0 ой-пикир

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура институтунун, шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузулгандыгын аныктады.

Алсак, жогору аталган мамлекеттик мекемелердин кызмат адамдары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түрдө ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуп, баш калаанын борбордук бөлүгүн пландаштыруу долбоорун иштеп чыгууда тиешелүү талаптарды аткарбастан туруп, аны бекитүү үчүн Бишкек шаардык кеңешине сунушташкан.

Анын кесепетинен, функционалдык курулуш зоналары боюнча туура эмес долбоордук чечимдер кабыл алынып, бак-дарактар үчүн бөлүнгөн жашыл тилкелерди пайдалануучулардын жана айрым обьектилердин ээлеринин укуктары бузулган.

Мындан сырткары, Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институту, Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы жана “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан топографиялык иш-кагаздардын туура эмес даярдалгандыгынын натыйжасында, турган имараттардын координатташтырылган бурчтарынан айырмачылыктарга жол берилген.

Жогорудагы мыйзам бузууларга карабастан, шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери 22 млн 111 миң 563 сомго талапка жооп бербеген иштерди кабыл алып, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Материалдар кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.