Лебединовкадан белгисиз кишилер «Тойота-Эстима» автоунаасына 26 жаштагы кызды салып кетишкен

Окуялар тизмеги 06 Май 2021 12:25
0 ой-пикир

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү 5-майда уурдалган кызды издеп жатат. Күч кызматкерлери кызды уурдаган эркектин тек-жайын тактады.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 26 жаштагы кызды 5-майда түнкү саат 11лерде Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанынан белгисиз кишилер «Тойота-Эстима» автоунаасына салып кетишкен. Милицияга 6-майга караган түнү кыздын сиңдиси арыз жазган.

Кыргызстанда кыздарды көбүнчө турмуш куруу максатында зордоп ала качышат. Каршылык көрсөткөн кыздар өлтүрүлгөн учурлар 2018 жана 2021-жылы катталды.

Турмуш куруу максатында кыз уурдагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-апрелде коомдук талкууга чыгарды. Анда кыз уурдагандарды 12-15 жылга чейин камоо сунушталган. Эгер кыз 18 жашка толо элек болсо, камак жана 300 миң сомго чейин айыппул каралган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.