Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Анын жүрүшүндө өлкө башчысы кыргыз элинин азыркы акыбалын сыпаттады.
«Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн соң биздин акыбалыбызды минтип сыпаттасак болот:
— элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болушу;
— коомубуздун чар-жайыттыгы;
— мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы;
— экономика чабал;
— өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы», — деди Жапаров.


