Республика боюнча бир суткада коронавирустун 397 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 210, Чүй облусунда – 130, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 19, Нарын облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 248 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 151, Ош шарында – 7, Ош облусунда – 4, Чүй облусунда – 59, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 7, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Ош шаарында бир бейтап каза болду.