Ислам банкы берген клиникалар Баткенге жиберилет, — президент

Окуялар тизмеги 05 Май 2021 14:38
0 ой-пикир

Бүгүн, 5-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанга беш бөлүктөн турган (5 трейлерлер) мобилдик мультдиагностикалык клиниканы өткөрүп берүү аземи өттү.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, Ислам өнүктүрүү банкына жана араб өнөктөштөрүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жапаров алгач клиниканы Нарынга жөнөтүү пландалган, бирок акыркы окуяларга байланыштуу аны Баткенге жиберүү чечими кабыл алынганын айтат.

“Нарын эли бизди туура түшүнөт деп ишенем. Баткенге клиника көбүрөөк керек. Клиника ай сайын ар бир облусту кыдырып чыгат. 7 айдан кийин биздин бардык облусту кыдырып чыгып, кайра Баткенге барат. Беш жылдын ичинде алар өлкөнү кыдырып турат”, — деди президент.

Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу заманбап медициналык жабдыктары менен диагностикалык бөлүм бар, ошондой эле операция бөлмөсү да каралган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.