Бишкете 16 фонтан комплекси иштей баштады

Окуялар тизмеги 03 Май 2021 15:56
0 ой-пикир

Бишкек мэриясы фонтан комплекстерин ишке туташтырды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар.

«Жаш Гвардия бульварындагы Баатырлар Аллеясындагы бир фонтанды кошпогондо, фонтандын бардыгы күн сайын эртең мененки саат 10:00дѳн кечки 19:00гѳ чейин иштейт. Борбордук «Ала-Тоо» аянтында жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар кечки саат 21:00гѳ чейин ѳзүнүн кооздугу менен кубантат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, техникалык тыныгуу үчүн бардык фонтан комплекстери саат 14:00дөн 16:00гө чейин тынуугу алат, бул кыймылдаткычтардын жана маторлордун ысып кетпеши үчүн керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.