Дартка даба табылдыбы…

Аналитика, Окуялар тизмеги 16 Апр 2021 20:30
0 ой-пикир

Учурда таажы вирусунан айыгуу үчүн дүйнө жүзү күрөшүп жаткан чагы. Бул илдеттен эмне деген ыкмаларды айтышкан жок: лимон, сарымсак, кайнатылган суу, буу, компот, суурдун эти, сүлүк курт ж.б.у.с. нерселерди жарыялап, ар кандай маалыматтар таратылды. Бирок, бул аягына чейин изилдене элек, ал эмес, кайдан чыкканы да алигиче белгисиз. Айрымдары муну жарганаттан келип чыкканын да белгилеп жатышат.

Кыргызстан да четте калбай, бул илдеттен кантип чыгуу керектиги тууралуу ойлонуп, кадамдарды жасап жатканы кубандырат. Мамлекет башчы Садыр Жапаров камак учурунда ошол кездеги президентке кайрылып, даба тапканын билдиргенин баарыбыз эле билсек керек. Бирок ошол учурда экс-президент буга реакция берген эмес. Азыркы президент дартка дабаа тапканын билдирип атайын кат да жиберген.

“Ысык-Көл тамырын” (чөптүн кайнатмасы) муздак абалда ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Ысык-Көл тамырын” муздак ичпеш керектигин белгиледи. “Дарыдан кийин муздак суу ичпөө жана балмуздак жебеши кажет. Уу коргошунду күнүнө 4 маал ичүү керек”, — дейт ал.

“Ысык-Көл тамыры”

Министр “Ысык-Көл тамыры” бир эле жерде өсөрүн жана ал атайын курчалганын айтып өттү.

“Биз даярдап жаткан дары Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканада, Улуттук госпитал, Токмоктогу ооруканада, Ош ооруканасында берилип жатат”

Деген менен коомчулукта ар кандай пикирлер жаралып, социалдык тармактын колдонуучулары министр ден соолугуна зыян келтирип жатканын белгилешсе, айрымдары аны тамашага сала башташты.

Уу коргошундун коронавирусту дарылоодо натыйжалуулугу тууралуу ДССУнун маалыматы жок

Министрдин айткандарына байланыштуу дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту дарылоодо уу коргошундун колдонулушу тууралуу билдирүү таратты. Анда дүйнөдө препараттарды иштеп чыгууда клиникалык изилдөөлөр маанилүү экени, анын натыйжалуулугу менен коопсуздугу иликтене турганы айтылат.

Ошондой эле уу коргошундун коронавирусту дарылоодо натыйжалуулугу тууралуу ДССУнун маалыматы жок экени белгиленген. Уюмдун билдирүүсүндө, мындай маалымат алуу үчүн чөптүн фармакологиялык касиетин эл аралык стандарттарга ылайык иликтеп чыгуу керек. Мындан тышкары аталган уюм COVID-19дун белгилери байкалганда өз алдынча дарыланбай, токтоосуз түрдө дарыгерлерге кайрылоону сунуштады. Аралыкты сактоого, баткап тагынууга, колду бат-баттан жууп, тазалоочу, вирус-бактерияларга каршы каражаттарды колдонуу, үйдү желдетип туруу, оорунун белгилери байкалганда тест тапшырууга элди чакырды.

Нургожо ата кандай өлчөмдө алганда адамга пайда алып келе турганын уулдарына айткан

«Садыр Нургожоевичтин атасы Нургожо ата балдарына үйрөтүп кетиптир, кандай өлчөмдө алганда адамга пайда алып келе турганын. 15 күндөн бери Садыр Нургожоевич менен улам байланышып, дозасын кандай алыш керек?» — деп сурап жатабыз. Анткени дозасын аныктай турган жалгыз адам президент», — деди маалымат жыйынында Алымкадыр Бейшеналиев.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында «Уу коргошун» деген жазуу бар.

Уу коргошун 300 бейтапка берилген

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыкты.

Министр журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгиледи. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалады.

«Бирөө ичкенден кийин эртеси издеп жатат. Алардын баарынын абалы жакшырган», — дейт ал.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, уу коргошундан суюктукту жасоонун өлчөмүн бир гана президент Садыр Жапаров билет. «Садыр Жапаровго атасы Нуркожо үйрөткөн»

“Уу коргошун” боюнча маалыматтар социалдык тармактарда көп тараган. Аны элдик дарыгерлер кызыл жүгүрүк, артрит, полиартрит, өпкө жана рак сыяктуу орууларга колдонгону боюнча маалыматтарды табууга болот.

Ошондой эле ал уулу өсүмдүк катары бааланып, 4-6 мм. кайнатмасы же ачытмасы адамды өлүмгө жеткире турганы айтылат. Өсүмдүктүн Кыргызстанда 9 түрү кездеше турганы боюнча маалыматтар бар. Анын дагы бир аталышы “Жунгар уу” коргошуну деп да аталат.

Саламаттыкты сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиевдин айтымында, Кыргызстанда “Уу коргошун” боюнча клиникалык изидөөлөр болгон эмес. Муну министр Алымкадыр Бейшеналиев дагы жакшы түшүнөт. Бирок президентке каршы пикир айта албай жатат деп билдирди.

«Ысык-көл тамыры»

Аты айтып тургандай эле бул  — уу. Кайнатылган болсо адам өлүп калышы мүмкүн. Такыр изилдөөлөр болгон эмес. Жөнөкөй адам айтса мейли десең болот, президент мындай нерсе боюнча байкап сүйлөшү керек да. Элдин баары угуп жатат. Элдер пайдаланып, бирөө каза болуп калса ким жооп берет. Биздин министрлик бир жылдан бери кабыл алынган алгоритмдер менен коронавирусту дарылап үйрөнүп калды. Бул жаатта дарыгерлер тажрыйба топтоп калды. Ошондуктан коронавирусту клиникалык протоколдор аркылуу гана дарылаш керек. Министр айласыздан президентке каршы чыга албай жатат. Кырдаалдан кандай чыгышты издеп жатат. Вирусту элдик медицина менен айыктырууга болбойт”,- деп билдирди Султангазиев.

Уу коргошун тууралуу учкай кеп

Латынча Aconítum soongáricum чөбү өлкөдө уу коргошун деген аталыш менен белгилүү. Аны рак жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөдө уу коргошун ичип каза болгондор бар экенин жазып жатышат. Уу коргошун ашказан, рак, айыккыс дагы башка ооруларга дары даба экени оозмо ооз айтылып келген. Уу коргошун, Кыргызстанда «ысык-көл тамыры» катары белгилүү. Бул өтө уулу өсүмдүк. Аны жеген мал өлөт. Анткени дары кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагышын тездетет. Дене жансызданып, дем жетпей, муунат.

Жазгүл Урмамбетова

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.