Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Байыркы заманда уруулар арасында чыккан майда чатактар чоң согуштарга алып келчү.
Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганда курмандыктардын санын уккан адамзаттын үрөйү учуп, кайра дагы согуш чыгып кетпеши үчүн Улуттар Лигасы түзүлгөн. Бардык саясатчылар согушка наалат айтып, өткөн окуялардан сабак алып, экинчи мындай каргашаларды болтурбоого ант беришти. Адамзат 19 жыл чыдады дагы Экинчи дүйнөлүк согуш башталды, анын кесепеттери дүйнөдөгү бардык согуштарды бириктиргендеги кесепеттеринен дагы коркунучтуу болду. Эмнеге андай болду, эмнеге буга жол берилди? Ооба, жөн гана ушул мезгилде «октун жытын жыттабаган», көңүл ачууга жана баатырдыкка суусаган адамдардын жаңы мууну өсүп чыккан эле.
Бул башаламандыкты патриоттуулук менен чаташтырбаңыз.
Чакырылгандан кийин үч күн өткөн соң алгачкы ок атуулардан коркуп, баса албай калгандар да болгон. Мен Тоолуу Карабахта кызмат өтөөдөн качып, Польшада аскерге чакыруудан жашынып жүргөн топ балдарды көрдүм. Азыр болсо Донецкте өлүп калбайлы деген украиналык балдар чуркап жүрүшөт. Бизде болсо кечээ, 1-майда эски аянтта митингге чыгып, “Бизди Баткенге жибергиле!” деп кыйкырып жаткан миңдеген кишилер үчүн 4 автобус алынып келингени менен алар жарым-жартылай бош кетишти.
70 млн адамдын өмүрүн алган экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин адамдар кайрадан тынчтык өкүм сүрүүсүн каалап, ант беришип, башка дүйнөлүк согуш чыкпасын дешип БУУну түзүшкөн. 76 жылдан бери кармалып келебиз. Бул убакыт аралыгында согушту көрбөгөн үчүнчү муун өстү. Бирок 19 мамлекетте ядердик курал-жарак бар, ал эми айрым жерлерде согуштар болуп келет.
Окумуштуулар билдиргендей, адамзаттын жашоосунда дүйнөдө 50 миң согуш катталыптыр. Адамзат өткөндөн сабак албайт экен да! Анын үстүнө, азыр биз жаңы согуштарды башыбыздан өткөрүп жатабыз — суук, маалыматтык, психологиялык, гибриддик… Бирок бул согуштардын ар бири күтүлбөгөн жерден чыныгы согушка айланып кетиши мүмкүн, мында жеңүүчүлөр болбойт.
Менин оюмча, адамдар сергектигин таптакыр жоготуп, жалкоо болуп, тынчып калышты. Буга согуш прогрессти алып келет, технология өнүгөт, өзгөрүүлөр болот, согуштар абдан зарыл, ал тургай пайдалуу деген жаңы түшүнүктөрдүн жана теориялардын пайда болушу далил. Атүгүл ядердик согушта жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө баяндаган чыгармалар пайда болду. Эң башкысы, алгачкылардан болуп чабуул жасап, душман тарап берген жооптук чабуулдан качуу керек. 40 жыл мурун эле окумуштуулар СССР менен АКШда ушунча көп ядердик курал бар экенин, бул биздин планетаны 50 жолу жок кылууга жетиштүү болорун жазышкан болчу.
Мындан соң жер экиге бөлүнөт же космоско учат.
Бизди “ядердик кыш” менен да коркутушканы эсимде. Планета комета менен урунган жерде кыш башталып, динозаврлар өлүп калышканын да айтып чыгышты эле. Согушка каршы ушундай аргументтер болгон.
Мүмкүн болгон жеңиш жөнүндө бул сөздөрдү дүйнөлүк державалардын лидерлери элге жолдогон кайрылууларында же жогорку эл аралык форумдардын трибуналарында айтып жатышат. Андан кийин октун жытын жыттай элек, бирок бекерчиликте эмне кыларын билбей, башкалардан айырмаланып таштарды ыргытып, мылтык менен чуркап, топтолгон адреналинди чыгарып алгысы келгендер четтен чыгат.
Коомдо ушундай атмосфера болуп турса ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн. Демек, көйгөйдү чечүү үчүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечип, калкка билим берүү абзел.
Биз коңшулар жана боордоштор бири-бирибизге душмандардай эмес, жакшы мамиле кылышыбыз керек. Бийлик дагы сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда боордошторго боордоштой, коңшуларга коңшудай жакшы мамиле кылуусу абзел. Балким ошондон кийин чек арадагы чуулар токтоп, бири-бирине таш ыргыткандар тынчып калаттыр.
12 жашар кыздын өлүмүнө алып келген жаңжал таш ыргытышуудан башталып, өз ара жек көрүү, чыр-чатактын күчөшү жана кыйроо менен аяктаган.
Муну алдын алса болот эле го…