Ортобоз айылында үйдүн дубалын тешип өткөн авиациялык ракета табылды

Окуялар тизмеги 02 Май 2021 16:11
0 ой-пикир

 2-майда Баткендин Ортобоз айылында үйдүн дубалын тешип өткөн авиациялык ракета табылды.

Авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркаган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик чек кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде тажик аскерлери “Ми-24” вертолету менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул койгон.

Учурда окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.