Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү

Окуялар тизмеги 30 Апр 2021 16:49
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-апрелде, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды жана кагылышууну жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады жана тынчтыкты орнотууга, жаңжалды жөнгө салууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген Өзбекстандын президентине ыраазычылыгын айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди дипломатиялык диалог куруу аркылуу тезирээк жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын президентинин Ташкенге иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен чечимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.