Тарых сабактары. Маданияттын жаратмандык ролу тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Апр 2021 13:45
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов атайын Elgezit.kg үчүн.

Бардык пландардын, ойлордун ишке ашуусу адамдын, элдин маданиятынын деңгээлинен, башкача айтканда, алардын интеллектинен, өнүгүүсүнөн, билиминен, тарбиясынан, дүйнө таанымынан көз каранды экени талашсыз. Ансыз маанилүү, олуттуу нерселерди жасай албайсың. Ошондуктан таш доорунан бери эле адамдар аларды коргоп алчу, бага турчу, жаркын жашоону камсыз кылуучу башкаруучу, жол башчы катары эң күчтүүлөдү, жөндөмдүүлөрдү, акылдууларды тандап алышчу. Мындай элдер азыр бай жана бактылуу жашап, күчтүү мамлекеттерди түзүп, үлгү болуп калышты. Калгандары аянычтуу жашоону сүрүп, 21-кылымда ачка калышууда, кадимки сууктан өлүп, орто эсеп менен 30 жашка чейин жашашат.

Кыргыздар байыркы эл жана өз тарыхында көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Сибирде мамлекеттүүлүктү алгачкылардан болуп түптөгөн, өзүлөрүнүн руникалык жазууларын ойлоп тапкан, шаарларды курган, зергерчилик менен ажайып буюмдарды жараткан, дүйнөдөгү эң ири «Манас» эпосун оозеки сактап келген, атүгүл 5 миллион чарчы км аянтты ээлеген Кыргыз Каганатынын улуу империясын түзгөн, бул Кыргыз Республикасынын аянтынан 25 эсе чоң. Дүйнөгө гений жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовду тартуулашты. Бирок ошол эле учурда биз Бишкектин көчөлөрүн таштандыдан, кирден тазалай албай келебиз. Акыр-чикирге аралашып, жашоого көнүп калдык. Анан коррупция, бандитизм жана диктатура кадимки көрүнүшкө айланды.

Калктын маданиятсыздыгы жана караңгылыгы уятсыздык, кылмыштуулук үчүн шарт түзүүдө.

Мен Ошто жана Жалал-Абадда үлгү болчу тазалыкты байкадым. Ал жактар Бишкектегидей архитектуралык курулуштарга бай эмес деңизчи, бирок үйлөр, көчөлөр, газондор таза жана жакшы каралганы көрүнүп турат. Ал жактарда деле кыргыздар жашашат. Мага бул калктын дыйканчылык мүнөзүнө байланыштуу деп айтышты. Бирок дыйкандар түндүктө деле узак мезгилдерден бери жашап келишкен, дээрлик 100 жыл мурун алар отурукташууга аргасыз болушкан. Тарыхый булактар күбөлөндүргөндөй, көчмөндөр дагы жаратылыш менен шайкеш жашап, отурукташкан жерине таштанды ташташкан эмес. Биздин философтордун айтымында, экологиялык аң-сезим, улуттук мүнөзүбүздүн жана аң-сезимибиздин өзгөчөлүгү болгон. Балким, биз башкача болуп калдыкпы? Көрүнүктүү эл аралык журналист Владимир Цветовдун «Восточнее Востока» деп аталган кызыктуу китеби эске түштү. Ал “Комсомольская правда” гезитинин кабарчысы катары Японияга барганын айтып берет. “Мен дубалында ар кандай жаман сөздөр жазылган, кир тепкич менен түшүп, жуулбаган пол менен басып бара жаттым. Капалуу көздөр менен каралбаган эшиктин алдына бир көз чаптырып, аэропортко жөнөдүм”,-деп жазат ал. Ал Токиого Малайзиянын борбору Куала-Лумпур аркылуу учуптур. Шаарды көргөн ал жакшы пикирде калбаптыр. Кир, жакырчылык, бир кабаттуу үйлөр, кедейлер таштандыларды чукулап жүрүшкөн экен. Андан соң жаркыраган Токиого барып, 30 жылдык өмүрүн ушул шаарга арнаган экен.

Журналист Москвага кайра эле Куала-Лумпур аркылуу учуптур, бирок бул шаар таанылгыс болуп өзгөрүп, “жаңы Токиого” айланган экен. Таза, кең көчөлөр, айнектен курулган асман тиреген курулуштар, жашоосу алда канча оңолгон жарандар. Малазиялыктар премьер-министр Махатхир Мухамед менен бирге 30 жылда ойго келбеген иштерди жасашыптыр, кедей агрардык өлкөдөн, өнүккөн демократиялык мамлекетке айлантышыптыр. Москвага келгенде аны кайра эле баягы көрүнүш күтүп турган, тазаланбаган короо, жуулбаган кир подъезд, кир дубалдар, лампочкасы жок караңгылык. Ал СССР ошол маалда уктап жатканын, дүйнө өзгөрүп, өнүгүп жатса, келечекке карай кадам таштаса, СССР болсо ошол бойдон калганын жазган. Бул китеп биз тууралуу, ошондой эле уктап калган, элиталар башкарган өлкөлөр тууралуу болгон.

Ар ишемби сайын өткөрүлүп жаткан ишембиликтерден улам Бишкек акыркы айларда тазараак болуп калды. Бирок бардык жагы таза деп айтуу кыйын. Тротуарлардагы таштар, таштандылар, ар жердеги брусчаткалар, бетон конструкцияларынын калдыктары, бутактар, кагаздар, маскалар, желим бөтөлкөлөр жана баштыктар, таштанды челектери жок, газондордогу резина буюмдар …

Сеулдагы окуя дароо эске түштү. Түн ичинде жапжарык болгон көчө менен мейманканама бара жаткам, төрт аяктап газондо жүргөн кызды көрдүм. Ага жардам керек го деп ойлодум, көрсө, итинин артынан тазалап жүрүптүр.

Эртең менен Тоголок Молдо сейил багында эл көп топтолгонун байкадым. Кайсы бир партия дарак отургузуп жатыптыр. Ишти акырына чыгаруу үчүн алардын артынан дагы бир күн иштөө керек. Өткөн жумада топтолгон таштандылар дагы деле чыгарыла элек, ал эми жашыл чөптөрдүн арасы былтыркы жалбырактардан тазалана элек…

Тазалыкты, гигиенаны сактай албаган соң кайсы реформа жана кайдагы демократия тууралуу сөз кылып жатабыз! Кадимки көчөттөрдү тыңдап отургуза албайбыз. Ал эми борборубуз БИШКЕК болсо Гоголдун Плюшкинин эске салып келет. Кыскасы, ушинтип жашоо өтүп жатат…

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.