Ак-Талаа районунда милиция кызматкерлери профилактикалык түшүндүрүү иштерин улантууда

Окуялар тизмеги 30 Апр 2021 19:24
0 ой-пикир

Нарын ОИИБи: Ак-Талаа районунда милиция кызматкерлери профилактикалык түшүндүрүү иштерин улантууда.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен район аймагында жайгашкан жалпы билим берүүчү орто мектептеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, диний уюмдун кызматкерлери менен биргеликте ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

Иш-чарага жогорку класстын окуучулары катышып, учурдун талабына ылайык маселе жаратып жаткан үй-бүлөлүк зордук- зомбулук, мектеп рекети, жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кыскача видео роликтер көрсөтүлүп окуучулардын ар кандай суроолоруна тиешелүү кызматкерлер так жоопторун беришип, мектеп окуучулары менен кызыктуу маектер болуп өттү.

Азыркы учурда өлкө аймагында кылмыш кырсыктарга токтолуп, кенири маалыматтар берилип, ата-энелерге балдарга туура тарбия берүү, окуудан тышкаркы убактыларын туура пайдалануу жана ар бир ата-эне өз балдарына көзөмөлдү күчөтүү жагы баса белгиленди.

Мындан тышкары быйылкы бүтүрүүчү окуучуларга жалпы кесиптик багыт берүү максатында келечекте мыкты кесиптин ээси болуу үчүн керектүү маалыматтар берилди.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.