50 миллион доллар грантты алууга кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет кылбай жатат, — Нурбек Алимбеков

Окуялар тизмеги 28 Апр 2021 13:58
0 ой-пикир

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Жашыл климаттык фонду Кыргызстанга 50 миллион доллар грант берүү тууралуу чечимин кабыл алган. Мунун 22 миллион доллары айыл чарбага жумшалат. Калганы климаттын өзгөрүшүнө, айлана чөйрөнү коргоого жана энергетика тармагына коротулат. Бирок бул грантты алууга кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет кылбай жатат.

Мындай маалыматты парламент депутаты Нурбек Алимбеков бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Мен айыл чарба министрине, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге жана Экономика жана каржы министрлигине байланыштым. Документте юридикалык маселелер бар экен. Аны чече албай жатышат. Эгер юристтер коркуп жатышса, анда саясий чечим кабыл алып берели”, — деди депутат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.