«Унаа» мекемесинин директорунун мурдагы орун басары коронавирустан каза тапты

Окуялар тизмеги 27 Апр 2021 13:31
0 ой-пикир

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мекемесинин директорунун мурдагы орун басары Усеин Касмалиев 39 жашында каза болду. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, маркум коронавирус менен ооруган. 

Усеин Касмалиев 1981-жылы 18-ноябрда Нарын шаарында төрөлгөн. 

Ал 2015-жылдан бери «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген, андан кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлкүн каттоо бөлүмүндө эмгектенген.

Усеин Касмалиев мамлекеттик кызматтын кеңешчиси, биринчи класстагы муниципалдык кызмат инспектору болгон. 

Эмгек жолун жер участокторун берүү боюнча жетектөөчү адис болуп баштап, жетекчилик кызматтарды аркалап, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы жана консультанты, Мамлекеттик каттоо кызматында транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары болгон.

Ошондой эле Касмалиев борбордук мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Анын артында аялы жана төрт баласы калды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.