ВИДЕО: Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайда курулуш куруп жаткан балдар дайынсыз жоголду

Окуялар тизмеги 24 Апр 2021 12:44
0 ой-пикир

24-апрель Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек расына жакын жайда курулуш куруп жаткан балдар дайынсыз болууда. Алар баш калкалаган чатыр, төшөктөр кан болгон. Бул тууралуу айрым ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстан менен чектеш тарапта Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл аймагында кыргыз тарап курулуш иштерин жүргүзүп келишкен. Учурда курулуш кылып жаткан  Кубат, Дастан аттуу 2 бала дайынсыз жоголгон. Ал эми балдар баш калкалап турган чатырдын ичи канга боелгон.Балдардын энеси коомчулука кайрылып, балдарды табууга жардам сурайт. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы, 7 каналга бирдирген маалыматына ылайык, учурда издөө иштери жүрүп жатат.

«Маалымат бүгүн, эрте мененки саат 08:30 да келип түшкөн. Облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев тийиштүү кызматтарга тапшырма берип, ыкчам издөө жарыяланган. Окуя катталган жер чекарага жакын болгондуктан, Тажикстандын расмий өкүлдөрүнө да билдирүү берилип, ал жактан да издөө жүрүп жатат«, -деп билдирет басма сөз кызматы.

(10) Facebook

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.