Казакстандагы ганнибал кыздын ар бир тишин кагып, тырмагын кесип алган

Окуялар тизмеги 28 Мар 2021 12:19
0 ой-пикир

Алматыда бир үйдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Аяжан Эдилованын аталаш агасы окуянын чоо-жайын айтып берди.

“Шектүү денесин кылдаттык жана акырындык менен бөлүктөргө бөлгөн. Ал полиция Аяжанды адегенде өлтүрүп, андан соң денесин бөлүп салганын айтууда. «Полиция түшүргөн сүрөттү көргөндө эсибиз чыгып калды,ар бир тишин кагып, тырмагын кесип алган. Анын баары пакеттин ичинде жатканын көрдүк. Маньяк анын башын кесип алып, кайнаткан. Баш сөөгү гана калган”, – деген кыздын агасы Алмат Муликов. Анын айтымында, учурда экспертиза жүрүп жатат. Дене бөлүктөрү чогултулуп жатат. Дене-мүчөлөрү толук болбогондуктан экспертиза беш күнгө созулган. Каза болгон кыздын жакындары анын шектүү менен атайын сайт аркылуу таанышпагандыгына толук ишенишет. Алар аны алдап чакырган де эсептешет.“Ал жеңил ойлуу кыз эмес. Анын үч айдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити бар. Ал жигит биринчи болуп коңгуроо кагып, аны издеген. Жолугушууга ал жумуш менен баргандыгына ишенебиз, ал жолугушууга барбайт болчу, кылмышка шектүү фармацевт экенин билебиз. Биз аны полиция кызматкерлери тарабынан кармалганда көргөнбүз. Ошол учурда ал өзүнө өзү жаракат келтирген. Кармоо учурунда полиция кызматкерлери аны шылдыңдашкан деген да маалыматтар бар”, – дешкен каза болгон кыздын жакындары. Ошондой эле Аяжандын туугандары кылмышка 5 күн өткөнүн жана аны жерге бере албай жатышканын билдиришти. Белгилей кетсек, буга чейин Алматы полиция башкармалыгы кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Түркстан облусунун тургуну экендигин билдирген. Полиция киши өлтүрүүнүн себептерин жана ыкмасын аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Экспертиза жана тергөө шектүүнүн жабырлануучу менен жыныстык катнашта болгон-болбогонун, психикалык бузулууларды жана кылмышта адам жегичтик (ганнибал) белгилерин көрсөтөт. Кылмыш кодексинин 99-беренесинин экинчи бөлүгү “Адам өлтүрүү” боюнча ылмыш иши козголду. Бул берене боюнча 15 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган. 22-мартта социалдык тармактарда кыздын жоголгону тууралуу билдирүү пайда болгон. Туугандарынын айтымында, 2001-жылы туулган Аяжан Эдилова 19-мартта саат 20:43тө жумуштан чыгып, үйүнө кайтып келген эмес. Көзөмөл камераларыкызды акыркы жолу жумуштан кетип жатканда видеого тартып алган. Ошол күнү кыздын сөөгү табылганы маалым болгон. Алгач, полиция жакындарына кыз киши колдуу болуп жан бергенин айта алган эмес. Жакындары аны жанылыктардан гана угуп, аны таануу максатында моргго барышкан.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.