«Бишкек тандайт» онлайн дебаты 1-апрелде өтөт

Окуялар тизмеги 28 Мар 2021 22:08
0 ой-пикир

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан эки саясий партия бири-бири менен өз алдынча дебат уюштурмай болушту. Бул тууралуу 28-мартта “Азаттык” радиосуна беттештин модератору Данияр Аманалиев билдирди.

Анын айтымында, «Бишкек тандайт» онлайн дебаты 1-апрелде өтөт. Ага “Реформа” жана КЭДП (Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы) партиялары катышат. Беттешти эки партия өз демилгеси менен биргелешип уюштуруп жатышат.

“Эки партиянын ортосунда эле өтөт. Дебаттын түз трансляциясын Facebook жана YouTube аркылуу көрсө болот. Мен алып баруучумун. 1,5 саатка эсептелген бул дебат көрүүчүлөр үчүн абдан кызыктуу форматта болот. Шайлоочуларга маалымат алуу үчүн жакшы булак болот деп эсептейбиз. Башка партиялар деле ошондой форматта өткөрсө сонун болот”, — деди Аманалиев.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.