Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова жергиликтүү кеңешке шайлоого аттанат

Окуялар тизмеги 25 Мар 2021 13:29
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова жергиликтүү кеңешке шайлоого аттанат. Ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого катталган. Ырчы буга чейин элине чыгармачылыгын арнап кызмат кылса, эми мамлекеттик ишмер катары да кызмат жасоого аттанганын билдирет.»Мен аттандым. Мекендин, эл-жердин алдындагы улуу милдет, ыйык парыз деген сөздөрдүн тереңдигин, балким, мен кийин гана, жогорку класстардан аңдап түшүнгөндүрмүн. Бирок ойлоп көрсөм тээ табиятымдан, кичине кезимден эле балалык туюмдарым, секелек сезимдерим эл, жериме ушунчалык жакын болуп “мен кыргыз кызымын” дегенде кан-жаным толкун тартып ойноп турчу экен. Элибизге, жерибизге болгон сүйүү кийин чыгармачылык дүйнөмө, ырларыма, обондорума оргуштап кирди, ырлардагы каармандарымдын эрк-кайраты, кыргызга кылган кызматы, улук сапаттары мени дагы чыңалтып, чыйралтып, милдет деген вазыйпамды дагы да андан ары кененинен жана тереңинен тааныта берди. Мекенибиз отуз жыл бою оңоло албай, ичибизди от, жүрөгүбүздү чок кылып келет. Ошондуктан мен аттандым. Эл-жерге болгон сүйүү жана кызмат болмоюнча мекенди өстүрүү, гүлдөтүү, бүтүндүгүн сактоо кыйын. Мекендин бүтүндүгү ар бирибиздин колубузда», — дейт ал. Буга чейин шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасынан ырчы Анжелика шаардык кеңешке шайлоого аттанып жатканы белгилүү болгон.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.