Эки орун басар кызматтан кетти

Окуялар тизмеги 25 Мар 2021 13:18
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Нурболот Үсөнбаев жана Мадамин Каратаев кызматтан алынышты. Өкмөттүн бул тууралуу буйругу 23-мартта чыккан.

Бүгүн, 25-мартта мекеменин жамааты жыйынга чогулуп, бул тууралуу расмий жарыя болду.

Быйыл 3-февралда Кыргызстанда жаңы өкмөт ишке киришкен. Премьер-министр Улукбек Марипов талапкерлиги парламентте каралып жатканда өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.

Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтери бириктирилген.

Жаңы мекемеге жетекчи болуп Алымкадыр Бейшеналиев, ага биринчи орун басар болуп буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Ализа Солтонбекова дайындалган.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.