Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады

Окуялар тизмеги 24 Мар 2021 14:43
0 ой-пикир

Аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 23-мартта болжол менен саат 11:48дер чамасында милицияга Бейшеналиева жана Пушкин көчөлөрүнөн уюлдук телефон тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерине 1997-жылы туулган А.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү чакыруу түшкөн даректен белгисиз жаран арыз ээсинин iPhone 11 Pro Max үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун коркутуу жолу менен колунан жулуп, белгисиз тарапка качып кеткендиги жазылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган С.у Б. аттуу жаранды кармап, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Аталган факт Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.