Музыкалык драма театрына аппаратураларды алууда кызмат абалынан кыянаттык фактысы аныкталды

Окуялар тизмеги 17 Мар 2021 10:41
0 ой-пикир

УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Талас облустук К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына сатылып алынган музыкалык аппаратуралар иш жүзүндөгү баасын жогору баада бааланган фактылар аныкталды.
Такталгандай, Талас областынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жогору кызмат адамдары мамлекеттик сатып алуулар процедурасы аркылуу К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан кабыл алуу актысы менен кабыл алынып, жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратураларды сатып алышкан.
Ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплексин жүргүзүү учурунда, сатылып алынган музыкалык шаймандардын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды.
Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.