«Ал бар бирок жоктой». Бийликтин жаңы партиясы тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 08 Мар 2021 10:05
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Президент анын «Мекенчил» партиясы жеригиликтүү жана парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул күчтүү жана акылдуу кадам болду. Мындай чечимин Садыр Жапаров жакшы түшүндүрүп берди: “Мекенчил” партиясы буга чейинкилердин каталарын кайталабаш үчүн жана административдик ресурс колдонулду деген сөздөр чыкпашы үчүн шайлоого катышпайт”, — деди президент 25-февралда Москвадагы мекендештер менен болгон жолугушууда.

Ошол эле күнү коомчулукта Камчыбек Ташиевдин же бийликтин партиясы катары саналып келген “Ата Журт” партиясы дагы өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алды. Бул позицияны жарандык коом дагы, элита дагы жакшы кабыл алышты, анткени Жапаров менен Ташиев саясий мейкиндикте саясий топтордун өкүлдөрү көп болууну чечишти деп ойлошту. Бул чынында эле коомчулуктагы чыр-чатактарды жана нааразычылыктарды азайтып, улуттун лидери катары Садыр Жапаровдун позициясын бекемдемек.

Бирок бул көпкө уланган жок. 28-февралда ММКлар “Ата-Журт Кыргызстан” аттуу партиянын съезди өткөнүн кабарлашты. Тагыраак айтканда, партия жаңы деле эмес экен. 26-февралда Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өткүчө партия “Кыргызстан элинин биримдиги” деп аталып, аны Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов башкарып келген. Бул партия эч качан активдүүлүгүн көрсөткөн эмес, жана балким кереги тийип калабы деген партиялык уюмдардын катарында болчу. Эми убакыт келди, партиянын кереги тийди.

Бийликте жана анын стратегдеринде шайлоого “Ата-Журтум Кыргызстан” деп аталган жаңы партия менен чыгуу пландалган окшойт. Ал 2021-жылдын 19-яевралында каттоожон өткөн жана анын төрагасы катары “Мекенчил” партиясынан талапкер Шүкүрбек Эркебаев көрсөтүлгөн. Эмнеге “Ата Журт” эмес? Бул партияны түптөөчүлөрдүн: Ташиев, Жапаров, Келдибеков, Бурканов, Абжалиев ички пикир келишпестиктери менен байланыштуу болсо керек. “Ата-Журтум Кыргызстан” партиясы каттоодон өткөн күнү “Ата Журт” патриоттук партиясы дагы Юстиция министрлигинде болчу, алар кайра каттоодон өтүп жаткан. Ал эми тизмеде жөн гана “Ата Журт” партиясы катары катталып, жетекчиси Ахматбек Келдибеков болуп калды. “Ата-Журтум Кыргызстан” партиясы “Ата Журт” партиясынын Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду колдогон бөлүгү менен байланыштуу экенин социалдык тармактардагы “Ата Журт” партиясынын баракчалары “Ата-Журтум Кыргызстан” деген аталышка өзгөртүлгөнү далилдеп турат.

Шайлоого жаңы партия менен баруу идеясынан бийлик баш тартты, юристтерден кеңеш алышты окшойт. Мыйзамга ылайык, жаңы партия 11-апрелдеги шайлоого дароо катыша албайт, ал шайлоо жарыяланганга чейин 6 ай мурда катталган болушу керек. Аталышын “Кыргызстан элинин биримдигинен” “Ата-Журт Кыргызстан” деген атка өзгөрткөн партиянын жылдызы жанганы турат. 26-февралдан тарта анын төрагасы Айбек Маткеримов. Бул “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы “Ата Журт” партиясынын “кызы” экенинен кабар берет. Маткеримов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө”Ата-Журттан” депутат болчу. 2017-жылы ад Жалал-Абад шаардык кеңешине “Ата Журт” партиясынан депутаттыкка аттанган, бирок өтпөй калган. 2020-жылы парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон.

2021-жылдын 23-февралында ММКларга берген маегинде “Мекенчил” партиясынын штабынын жетекчиси Эркин Баяманов партиянын жергиликтүү дагы, Жогорку Кеңешке болгон шайлоого дагы катышпай турганы тууралуу айтып жатып буларды билдирген: “Эми бийликтин партиясы деген түшүнүк болбойт. Жапаров элдин тынчтыгын жана кызыкчылыгын биринчи орунга койду”.

Ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы болсо бийликтин долбоору экенин танып келет. 28 шаардык кеңештин арасынан “Ата-Журт Кыргызстан” 21ине катышып, мандат үчүн күрөшөт. Бул бүгүнкү күнгө карата рекорд. Ал эми өлкө боюнча шаардык кеңештердин көбүно катышып жаткан партиялардын дагы бирөө – “Өнүгүү-Прогресс”. Анын талапкерлери 17 шаардык кеңештерге катышууну көздөп жатышат.

Кыргыз саясатчыларынын сүйүктүү сабагы тарых болбогону өкүндүрөт.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.