Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык: Казакстан Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 03 Мар 2021 09:40
0 ой-пикир

Еlgezit.kg порталы окурмандарга Садыр Жапаровдун кезектеги Казакстан Республикасына болгон сапары тууралуу учкай айтып берет. Эки өлкө ортосунда кандай келишимдер түзүлдү, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, кандай документтерге кол коюлгандыгы тууралуу айтып берет.

15 жылда Казакстан Кыргызстанга 1 млрд. доллар каражат салды

Боордош казак эли Кыргызстанга ар дайым кол сунуп келет. Эки өлкө ортосунда 180 документке кол коюлган. Бул саам да казак тарап Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн жардам жиберүүгө даяр. Эки элдин ортосунда экономикалык карым-катнаш бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында: Таласта, Ала-Бука, Чаткалда казак инвесторлору келип иштеп жатышат. Казакстан Кытай жана Россиядан кийинки Кыргызстан эң көп соода жүгүрткөн өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле Казакстан Орусиядан кийинки кыргызстандык мигранттар эң көп эмгектенген (2018-жыл — 35 миң мигрант) экинчи өлкө. Кыргызстан да, Казакстан да Москванын таасири күч Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Бирок акыркы жылдары тактап айтканда Алмазбек Атамбаевдин тушунда мамилелер солгундай түшкөн. Соода-алакадан тартып, куда-сөөк мамилилеси орногон Кыргызстан менен Казакстандын бир туугандай алакасы бул сапар да таамай сезилди. Садыр Жапаровду казак тарап жылуу тосуп алгандыгы эки мамлекет мындан ары дагы жакшы жетишкендиктерге кол сунарынан кабар берет. Туура, президент айткандай, «биз казак-кыргыз бир тууганбыз. Эгер чоочун адамдан казак менен кыргызды катар коюп, кайсынысы казак, кайсынысы кыргыз деп сурасаңыз, эч ким айырмалап, биле албайт. Ошондуктан казак мамлекети менен макулдашууларда, ар кандай бир келишимдерге кол коюуда же кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса бизде эч кандай талаш-тартыштар болбошу керек. Себеби биз бир тууган калкпыз. Бир-эки күндүк өмүр менен жашабайбыз. Биз түбөлүк мамлекетпиз. Бизди эч ким ажырата албайт. Ошондуктан казак мамлекетине барганда макулдашууларга, келишимдерге, эки мамлекеттин ортосунда болуп жаткан мамилелерге кол коебуз. Бирок чечилбей турган маселе болбошу керек. Анткени, биз бир тууган элбиз, — деп баса белгилеген «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек куруп жатып.

Сапардын кандай болгонун, казак тарап Садыр Жапаровду бийик денгээлде тосуп алып жатканынан айта алабыз. Садыр Жапаров алгачкы сапарын Россиядан баштаган эле. Бул сапар Казакстанда болду. Эки өлкөдө тен абал орчундуу болуп, эл толкуп, митингдердин аягы басылбай келет. Садыр Жапаров интервьюларынын биринде эмне себептен Казакстанга мамлекеттик сапар менен бара тургандыгы тууралуу айткан: Касым-Жомарт Кемелович биринчилерден болуп чакырды. Ошондо мен сөз бергем. Менин Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи Казакстанга баратканымдын себеби ошол. Экинчи себеби, биз — казак-кыргыз бир тууган элбиз, кошуна элбиз, бизди көп кызыкчылыктар бириктирип турат.

Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровду Казакстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов жылуу тосуп алышты. Садыр Жапаров да улуу казак жергесине келгенинде чек жоктой элес калтырды. Албетте, мындай жогорку иш чара болуп жаткандан кийин, адаттагыдай Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Эки элдин ортосунда катышты эч ким буза албайт

Казакстан жана Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү. Алардын арасында эки ири уюм бар: Евразия экономикалык бирлиги жана Шанхай кызматташтык уюму. Бизде ЕАЭБде, ЖККУда, ШКУда, КМШда көп маселелер бар. Бирок ошол бардык маселелерде казак менен кыргыздын кызыкчылыктары төп келет. 90% маселелерде эки мамлекеттин кызыкчылыгы бирдей.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулады. Иш сапардын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүү жасашты.

Төмөндө кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

— 2021-жылга карата Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык иш-чаралардын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин жана Казакстан Республикасынын энергетика министринин, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин электр энергиясын алмашуу жөнүндө протоколу.

Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Өлкө башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Эки өлкө өкмөттөрүнө Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн кыргыз-казак чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырылды.

Садыр Жапаров Казакстан президентин өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Касым-Жомарт Токаев чакырууну кабыл алды. Өлкө башчы Казакстандын премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту.

Садыр Жапаров: «Тили жана каада-салты окшош коңшу элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керек»

Жапаров Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү жолдору боюнча пикир алмашты. Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстан эли ага чоң ишеним артканын баса белгиледи. Ал Садыр Жапаровго Кыргызстан элинин жаркын келечегин куруу жолундагы ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаев менен

Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин салмактуу ички жана тышкы саясатынын натыйжасында Казакстан эл аралык аренада алдыңкы орундарды ээлеп тургандыгын айтып, ага чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик ишмер катары урматтоосун билдирди.

Садыр Жапаров: «Кыргыз эли Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпайт»

Кыргызстан эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын баса белгиледи. Садыр Жапаров мындай тили жана каада-салты окшош элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин өзгөчө белгилеп, биргелешип өнүгүүгө даяр экендигин айтты. Ал инвесторлордун, анын ичинде Казакстандан келген инвесторлордун укуктарын коргоого толук кепилдик бере тургандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун, эл аралык интеграциясын жана экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган күч-аракеттери тарыхта калаарына бекем ишенерин айтты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы анын Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү жана достук мамилелерди орнотууга кошкон салымын жогору баалады.

«Боордош Казакстанга биринчи мамлекеттик сапар менен келүү биз үчүн чоң сыймык. Эки элдин ортосунда түзүлгөн бир туугандык жылуу мамилени сиздин колдооңуз менен сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө умтулабыз», — деп белгиледи ал.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, узак өмүр жана ишине ийгиликтерди, ал эми Казакстан элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

Казакстан Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү, — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишилгенин — Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин айтты. Садыр Жапаров эки элдин кылымдарды карыткан биримдиги мындан ары да чыңдала берерине ишеним артып, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

Бул – быйыл 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик сапары.

Садыр Жапаров Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейинде

Даярдаган Жазгүл Урмамбетова

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.