Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылы түзүлдү

Окуялар тизмеги 21 Дек 2020 07:33
0 ой-пикир

Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылы түзүлүп, ага жүздөгөн жарандар киргендиги маалым болду. Бул тууралуу активист Тилекмат Кудайбергенов 20-декабрда билдирди.

Активист кыймылдын төрагасы болуп шайланганын кошумчалады. Кудайбергеновдун айтымында, аталган кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат. Ошондой эле активисттер ушул күндөрү Нарынга барып, жергиликтүү эл менен жолугушуп келген.

Бир нече кишиден турган топ 18-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Жетим-Тоого байланыштуу акция да өткөрүшкөн.

Анын маалыматына караганда, азыр кен мамлекеттин карамагында. Жетим-Тоодо темирдин 3 миллиард тоннадай запасы бар жана дүйнөдө экинчи орунду ээлейт.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет» деген кеп көптөн бери айтылып келет.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурдагы маалымат жыйындардын биринде Жетим-Тоо темир кени чет мамлекеттерге берилбей турганын, аны Кыргызстан өзү иштетерин айткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.