Ошто курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысына шектелген жарандар кармалды

Окуялар тизмеги 18 Ноя 2020 17:42
0 ой-пикир

Ош ШИИБдин КМКнын кызматкерлери курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысына шектелген жарандарды кармашты, — деп билдирди Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы.
Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан 18-ноябрда Ош шаарынын аймагында, алынган маалыматтын негизинде ыкчам иш-чара өткөрүлдү. Алдын ала алынган маалыматка ылайык Ош шаарынын аймагында Ысык-Көл облусунун 1997-жылы тургуну М.У.башкарып бара жаткан жүргөн “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүүнүн жыйынтыгында автоунаанын багажынан 1 даана “АК-103” үлгүсүндөгү 7.62 калибриндеги ок атуучу курал, анын 6 даана огу, 2 бычак жана салмагы 3, 93 граммды түзгөн «гашиш» баңгизатына түспөлдөш зат алынды. Ошол эле замат, кармалган жаран убактылуу жашаган Ош шаарынын Курманжан жатка кичи районундагы батирге тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда ал үйдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1991-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Ч.Н. болгон. Ал аталган батирде убактылуу ижара акысын төлөп, М.У. менен бирге жашап жаткандыгын билдирген. Тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн дагы салмагы 4.20 граммды түзгөн «гашиш» баңгизатына түспөлдөш зат алынды.


Курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында табылган далил буюмдарга карата соттук-криминалистикалык, соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.
Бул фактынын алкагында тергөө, ыкчам иликтөө иш-чаралар уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.