Кыргызстандагы президенттик шайлоодо ким утат? Жапаровбу же Мадумаровбу?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 06 Ноя 2020 15:34
53 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору.

Өлкө чоң кадрдык өзгөрүүлөр алдында турат. 10-январда президенттик шайлоо, андан соң КОнституциялык реформа болуп, кийинчерээк эл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлашат.

Учурда өлкө башчылыгына талапкерлигин коюуга 5 адам каттоодон өттү: “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Кыш болбойт” аттуу белгилүү сөз айкашынын автору, өзүн Кудай атап келген Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), жарандык активист Назарбек Нышанов, экономист Кубан Чороев жана экс-депутат Бектур Асанов.

Жакынкы күндөрү Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырганы турат.

Көптөгөн серепчилер жана саясатчылар негизги күрөш Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун ортосунда болорун айтышууда. Алар калган талапкерлерде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок деп эсептешет.

Elgezit.kg редакциясы президенттикке аттанып коюп жаткан негизги талапкерлердин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин санап, алардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канча экенине саресеп салып көрдү.

Садыр Жапаров

Артыкчылыктары

— Акыркы убакта эч ким социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн жок жана талапкерлердин рейтинги белгисиз, бирок өлкөдөгү абалга үстүртөн караганда Садыр Жапаровдун шайлоочулары бардык аймактарда басымдуу кылары көрүнүп турат.

— Президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары ал декабрдын башына чейин өлкөдөгү бардык аймактарды кыдырып, иш сапарын үгүт иштерине айлантып жиберсе да болот. Учурда Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып жүрөт.

— Президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматы Садыр Жапаровго бул кызматтарда өз адамдарын калтырып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Демек, административдик ресурс ага иштеп берет. Жапаров өзү президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонулбайт, эч кандай сатып алуулар болбойт деп келет.

— Камчыбек Ташиев сыяктуу ири саясий фигура жакыны, анын аброю түштүктө жогору. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Ташиев 266 189 добуш (14,32%) алган. Ошол маалда Мадумаров деле болжол менен Ташиевдей эле добуш алган

болчу — 274 639 добуш (14,78%). Эми болсо Ташиев Жапаров менен тандемде бара жатат, демек бул Жапаровдун мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт.

— Мигранттар Жапаровду дагы Мадумаровду дагы колдошот. Демек, Жапаров Мадумаровдун “нанынын жартысын бөлүп кете алат”, ал эми Мадумаров муну жасай албайт…

— Өлкөнүн түндүгүндө туулуп, өскөн. Ал эми айтылбаган салттар боюнча кийинки президент түндүктөн болушу керек.

— Көптөгөн ири бизнестердин өкүлдөрү, олигархтар, аймактык кландардын лидерлери жана саясатчылар Садыр Жапаров менен келишимге барышса керек. Айрымдары бизнесин сактап калуу жана коргоо үчүн, башкалары болсо кызматка келип же өздөрүнүн кишилерин карьералык өсүшкө сүрөш үчүн. Демек, Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясында каржы жактан маселе жаралбайт.

Кемчиликтери

— Садыр Жапаров президенттик башкаруусунда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда. Бюджеттин тартыштыгы, коронавирустун экинчи толкуну, чет элдик инвестициялардын келбей калышы, кадрдык башаламандык, митингдер жана мамлекеттик жеке менчикти басып алуулар – бул маселелердин баарын тез арада чечүү керек. Эгерде бул көйгөйлөр чечилбесе демек Жапаровго болгон ишеним жоголо баштайт.

— Татыктуу кадрлардын, кризис менеджерлердин, тажрыйбалуу, ынтымактуу команданын жоктугу дагы чоң маселе. Себеби тажрыйбалуу команда гана өлкөнү экономикалык жана саясий кризистен алып чыгып, шайлоо алындагы кампанияны натыйжалуу өткөрүп бермек.

— Россия, АКШ, Кытай, Казакстан сыяктуу ири саясий оюнчулар дагы деле Кыргызстандагы бийликтин легитмдүүлүгүн тааныбай келет. Көрпчүлүк Садыр Жапаровду жактырбай жатканы айтылып келет. Демек, тышкы күчтөр башка кандидатка жардам беришип, каржы бөлүшү мүмкүн.

— Пиар-кампаниясы начар. Азыркыга чейин Садыр Жапаровдун уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, коррупционер олигархтар менен байланышы бар экени тууралуу ушакка жооп берише элек. Адан сырткары, президенттин милдетин аткаруучунун азыркы ишмердүүлүгү дагы ар түдүү сындарга кабыла баштады. Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбековдун рейтингинин төмөндөп кеткенинин бирден бир себеби маалымат айдыңындагы жана социалдык тармактардагы алсыздыгы эле.

— Интеллигенция жана “балкончулар” (борбордун жашоочулары) Жапаровду колдобой келишет. Алар Садыр Жапаров укуктук талаадан чыгып кетти деп келишет. Бул катмардагы адамдар өтө көп санда болбогону менен дал ошол адамдар коомдук пикирди жаратышып, чет элдик оюнчулардын көз караштарына таасир берип келишет.

Адахан Мадумаров

Артыкчылыктары

— Кооз жана макал-лакаптарды аралаштырып, мыкты сүйлөгөндү билет.

— Түштүктө жана мигранттар арасында ага берилген тарапташтары көп.

— Өлкөдөгү экономикалык жана саясий кырдаалдын кыйын болуп турганын өз кызыкчылыгына колдоно алат. Белгилүү болгондой, кыйын күндөрдө сунуш берип, бир нерсени жаратуунун ордуна сын айтуу, айыптоо менен саясий упай топтоо оңой.

— Мадумаровдун жанында реваншисттер, азыркы бийликке оппозиционерлер жада калса азыр айыпталып жаткан коррупционерлер дагы топтолушу мүмкүн. Алар өз шарттарын айтуу менен Мадум аровдун шайлоо кампаниясын каржылап бериши мүмкүн.

— Садыр Жапаровду жактырбай жаткан тышкы оюнчулар Мадумаровду колдоп, каражат бөлүп, саясийтехнологдорду жалдап берип же дагы башка жардамдарды бериши мүмкүн.

Кемчиликтери

— Мурда бир катар чоң кызматтарды ээлеген (вице-премьер, парламенттин Төрагасы, мамкатчы, Коопсуздук кеңешинин катчысы) бирок алардын биринде дагы өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган эмес. Ар бир кызматында ишинде кемчиликтерди кетирип, ал иштери ызы-чуу менен коштолуп келген. Мамкатчы болуп турган кезинде Мадумаров анын башкы милдети болгон Кыргызстандын идеологиялык концепциясын жаза алган эмес. Төрага болуп турган кезде Казакстанга бир катар жердерди берүүгө макулдугун берип, документтеге кол койгон, анын ичинде тарыхый мааниге ээ Каркыра да болгон. Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын ызы-чуу менен тапшырган (аны кабинетин кымбат деп саналган жаңгак жыгачы менен жасалгалаган деп да күнөөлөшкөн), ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган маалда Тажикстан менен такталбаган жерлер боюнча протоколго кол коюп, жерлерди тажик тарапка мыйзамдаштырып берип койгон.

— Жанында күчтүү саясий фигура жок. Мадумаров эч ким менен бириге албайт. Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышуудан баш тартты, башка салмактуу саясатчылар болос Мадумаров менен жакындашпаса керек. Балким ал Канат Исаев менен биригиши мүмкүн. Бирок Бабанов деле акыркы сөзүн айта элек.

— Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясына добуш берген шайлоочулардын айрымдары Садыр Жапаровго өтүп кетишти.

— Мадумаровдун агрессивдүү тону жана улуттук-патриоттук көз караштары дагы коомчулуктун интеллигенциясын жана тышкы оюнчуларды чочутушу мүмкүн. Бул жерде “эки карама-каршылыктан бирөөнү…” деген тандоо турат.

Жыйынтык

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңишке жетпей да калуусу мүмкүн экенин айтты. Юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиз Elgezit.kg редакциясына берген маегинде шайлоонун жыйынтыктары күтүүсүз болушу мүмкүн экенин айткан.

Биз болсо талапкерлердин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин карап чыгып Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүн деген бүтүмгө келдик. Азырынча баары анын колунда. Эгерде ал бийлигин туура колдонсо Кыргызстанды коррупция сазынан, экономикалык жана социалдык кризистен сууруп чыгып, учурдун баатыра болуу мүмкүнчүлүгү бар. Буга чейинки 4 президент бул иштерди аткара алышкан эмес.

53 ой-пикир “Кыргызстандагы президенттик шайлоодо ким утат? Жапаровбу же Мадумаровбу?

  1. Касым

    Адахан Мадумаров жалгыз татыктуу ошол калды!
    Башкасынын баарынын боткосу чыкты! 🤮🤮🤮

  2. Маратбек

    Тажырыйба Жана мыйзам дагы да кыйшайбаган мыйзам Мадумаров Ин Ша Аллах буйурса президент

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.