Эльвира Сурабалдиеванын “Твиттери” Өкмөттүн жүзүн ачты

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 06 Ноя 2020 15:12
1 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн

Садыр Жапаровдун Өкмөтүнүн социалдык багытын караган вице-премьер министри Эльвира Сурабалдиева “Твиттердеги” баракчасында мектептерди ачуу керекпи деген сурамжылоо жүргүзүүдө.

Муну бийликтин жаңы өкүлү элге жакын болгусу келип жатканы, ачыктыгы катары кабыл алсак болот, бирок…

Эльвира Сурабалдиева – социалдык тармактарды активдүү колдонуп келет. Ал баракчасын өзү алып барат жана катталуучуларынын көбү “жандуу” экени жана анын ишмердигине кызыгары менен да мактана алат.

Бийлик өкүлдөрүнүн коомдук пикирди сурамжылоо жолу менен билүүгө аракет кылып жатканы бул жаңылык эмес. Украинада жакында эле өткөн жергиликтүү шайлоодо “Владимир Зеленскийден 5 суроо” деген сурамжылоо болду. Жарандар ири суммадагы коррупция менен кармалгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу керекпи, жлдик депутаттардын санын кыскартуу зарылбы, медициналык максатта кара куурайга уруксат берүү сыяктуу сурамжылоого жооп бериши керек эле. Коррупцияга айыпталгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушун сурамжылоого катышкандардын 81%ы колдогон. Бул референдум эмес, сурамжылоо болду. Жооптор жазылган бюллетендерди украиналыктар урнага салбастан, ыктыярчыларга беришти.

Россияда, өзгөчө Москвада бир нече жылдан бери “Активдүү жаран” мобилдик тиркемеси популярдуу болуп келет, анда борбордун жащоочулары балдар аянтчаларынын долбоорлорун тандашат, коомдук жайларды кандай кылып ыңгайлаштыруу керектигине катышышат, иттерди сейилдөөгө алып чыгуучу жерлерди тандашат, спорттук жабдууларды кайда жана кандай кылып орнотуу керек деген сыяктуу долбоорлорго катышып турушат.

Бирок пандемия учурунда мектептерди ачуу керекпи же жабуу керекпи деген маселеси иттерди сейилдөөгө алып чыгуу же коррупционерлерди жазалоо сыяктуу маселе эмес. Бул маселени чечүү үчүн пандемияга байланышкан абалды так жана даана анализдеп, андан соң гана Өкмөттүн антикризистик планына ылайыктап, күтүлбөгөн маселелер чыгып калса кандай чаралар көрүлөрүн тактап, ага республикалык жана жергиликтүү деңгээлде кантип реакция кыларын аныктап туруп чечим кабыл алыш керек.

Эльвира Сурабалдиева эми депутат эмес жана парламентке талапкер эмес, ал Өкмөттө иштеген аткаминер, ал социалдык блокту толугу менен көзөмөлдөйт. Ошондуктан анын твиттердеги “мектептерди ачуу керекпи?” деген сурамжылоосу мамлекеттик деңгээлде чечимдер кандай кабыл алынарынан кабар берип турат. Бул элди өтө капа кылчу кадам.

Сурамжылоо расмий түдө эмес болсо дагы Сурабалдиеванын бул кадамы — “мектептер эмнеге жабык турат жана аларды эмнеге ачыш керек?” деген суроого анын негиздүү жообу жоктугунан кабар берет. Эгерде ушундай сурамжылоолор

жогорку кызматтагы адамдар тарабынан жүргүзүлүп жатса, демек, Өкмөттө чечимдер башаламан кабыл алынарынан кабар береби? Эгерде мындай болбосо, анда Сурабалдиева сурамжылоонун ордуна коронавирус менен байланышкан абал мектептерди ачууга мүмкүнчүлүк берери тууралуу твит жазышы керек эле.

Анын бул кадамынан кийин эпидемиологиялык абал начарлай турган болсо Өкмөт иштеп чыккан комплекстүү чаралар жок экенинен кабар берет. Демек, кайрадан эле “Мамайдын көрү”. Кыргызстан бир нече ай мурда эле оор күндөрдү башынан өкөрдү жана ал бийликтин ишинин начарлыгынан улам болду. Баса, дал ушул коронавирус Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүүсүнө да себепкер болду.

Дүйнөнү коронавирустун экинчи толкуну каптап жатат. Европадагы көптөгөн өлкөлөр катуу чараларды көрүшүүдө. COVID-19 вирусунун күчөгөнү Борбордук Азияда дагы байкалууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы эпидемиологиялык моделдердин жардамы менен алынган божомолдор жакшы эмес экенин билдирип келет. Уюмдун эксперттеринин маалыматтарына ылайык, 2021-жылдын январь айынын башында ооруну жугузгандардын саны көбөйүп, өлүм да көп болот.

Ал эми мектептер тууралуу айта турган болсок, ошол эле Европада мектептерди дароо жаба калышкан жок, эпидемиологиялык абал начар болгон аймактарда гана жабышты. Биринчи кезекте чектөөлөр ресторандарда, кафелерде жана массалык иш-чараларды өкөрүүчү жайларда жана ЖОЖдордо киргизилди.

Ал эми бизде болсо мектептер бош турат, ал эми массалык иш-чаралар өтүүдө.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Эльвира Сурабалдиеванын “Твиттери” Өкмөттүн жүзүн ачты” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Кыргыз

    Өзбекстан өткөн айда Телеграмда сурамжылоо жүргүзгөн мектептер ачылыш керекпи-жокпу деп

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.