Садыр Жапаровго чокойлор

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Ноя 2020 11:56
0 ой-пикир

Алмамбет Шыкмаматовпрезиденттик башкаруу формасы, анын кемчиликтери жана келечектеги президент үчүн чокойлор тууралуу Elgezit.kg сайтына маек берди.

— Алмамбет Насырканович, биз сиз менен Elgezit.kg сайтында бир жыл мурун жолугуштук эле. Бул убакта Кыргызстанда, дүйнөдө, сиздин жашооңузда да чоң өзгөрүүлөр болду. Ошол учурда ушундай чоң бурулуштар болуп кетет деп ойлодуңуз беле?

—Эсиңиздерде болсо ошол маегимде мен Рузвельттин: “Адамзаттын тарыхы мистикалык цикл менен өнүгөт. Бир муунга көп берилет, кийинкилеринен суралат, азыркы муун болсо тагдыр менен бетме-бет келет” дегенин айтып берген элем. Жана биз “бизден көп суралып” жаткан циклде экенибизди, ал эми “тагдыр менен бетме-бет” келчү учур парламенттик шайлоодон кийин болушу мүмкүн экенин айткам. Мындай абал болорун көрө билүү оор деле эмес болчу, себеби Булгаковдун “Мастар жана Маргарита” чыгармасындагыдай Аннушка “майды төгүп алган” кези эле. Башкача айтканда, Кытайдын Ухань шаарында коронавирус кулачын жайып баштаган эле. Ал эртеби же кечпи Кыргызстанга да келип, биздин саламаттык сактоо системабыз менен, мамлекеттик деңгээлдеги кризис-менеджменттин жоктугунан улам аны менен күрөшүү оор болору белгилүү болчу. Коронавирустан сырткары жыл башынан бери эле коомчулукта Матраимовдор жана “Биримдик” шайлоого катышат экен деген кептер тарай баштаган эле. Алар бийликтин эки партиясы катары салттык тең салмактуулукту, аймактыктең салмактуулукту бузары да айтылып жаткан. Ошондуктан 4-октябрдан кийинки окуялар таң калычтуу деле эмес десем болот.

— Февраль айында сиз парламентаризмдин тарапташы элеңиз, азыр болсо Садыр Жапаровдун командасынын мүчөсү болдуңуз. Башкача айтканда, Сиз президенттик башкаруу формасын колдойсузбу? Сиздин жеке метаморфозаны кандай түшүндүрүп бересиз?

— Бу жерде эч кандай метаморфоза жок. Мен мурункудай эле демократ бойдон калмакчымын. Мен парламентаризм өнүккөн өлкөлөр үчүн башкаруунун эң өнүккөн формасы экендигине ишенем.

Бирок ар бир тарыхый этап өзүнүн шарттарын көтөрүп чыгат. Биз туш болгон кризис — тез чечимдерди кабыл алуунун жана иш-аракеттердин мезгили. Ошондо гана ал Кыргызстанды дүйнөлү глобалдык процесстерден четте калтырбай, биз үчүн мүмкүнчүлүк болот. Кыргызстанда реформа жасоо керек. Реформа өтө зарыл. Ал эми кандай кризис болбосун – ал реформаларды жүргүзүү үчүн эң идеалдуу убакыт. Реформалар тез, чечкиндүү болушу керек. Эл таң калгыдай болушу шарт. Кийин жыйынтыкты дагы кармап туруу керек болот. Ал үчүн ыйгарым укуктар толук болушу кажет. Ошондуктан президент премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өзүнө алса логикага ылайык келет жана эффективдүү болот. Өкмөт туруктуу болуп, чечимдер тез кабыл алынат. Мындан сырткары, Өкмөт чакан болот, бири-бирин кайталаган функциялар жоюлат. Башкача айтканда, көптөгөн партиялардын жазылган программаалары ишке ашат. Мындан сырткары, вице-премьер-министрлер институту жоюлат, министрликтердин саны кыскарып, алар агенттиктердин, кызматтардын алдында болот. Премьер-министрдин аппараты толугу менен жоюлат. Мындай реформа бюджетти үнөмдөөгө кандай жардам берерин элестетип жатасыңарбы?

— Мунун баары жакшы деңизчи, бирок реформатор-президент эмес, диктатор-президент болуп калбайт деген кепилдик барбы? Бардык бийлик бир колдо болсо, мындай болуп кетиши толук мүмкүн да? Анын үстүнө Кыргызстандын тарыхында мындай учурлар кездешпеди беле.

— Мындай коркунуч бар. Бирок биздин эл буга жол бербейт деп ишенем. Биздин бардык революциялар-төнкөрүштөр, кандай кааласаңар ошондой атагыла бизге чоң артыкчылык берди – саясатчылар артка кылчайып бир иш туура эмес жасалса же бийлик кайсы бир топтун кызыкчылыгын көздөп узурпация болсо анда аларды жөн эле алып түшөрүн эсинен чыгарбайт.

— Бирок ошол эле реформаларды парламенттик республика шартында жүргүзсө эмнеге болбосун?

— Болот. Бирок чындыкка тике карайлычы. Парламентаризмдин таянычы – бул өнүккөн, ишке жөндөмдүү партиялык система. Бизде тилекке каршы, азыр андай эмес.

Бизде партиялар шайлоо алдында акционердик коом катары түзүлөт дагы, андан кийин жок болуп кетет. Акционерлер, мындайча айтканда капиталын пайдалуу жакка салууну көздөйт. Азыр “Мекеним Кыргызстан” менен “Биримдикке” кирүүгө ашыгып жүргөндөр “Мекенчилге” кошулууга аракет кылып жатат десем жаңылышпайм. Жергиликтүү саясатчылардын бири партиясы жок парламентаризм келини жок тойго барабар деп салыштырды эле. Бул өтө туура салыштыруу болгон. 4-октябрдагы шайлоо муну далилдеди. Бизде партиялык система эмес, профанация бар. Партиялардын өнүгүүсү үчүн башка импульс керек.

— Партиялык тизме боюнча добуш берүүдөн баш тартуу импульс берет деп эсептейсизби?

— Партиялык тимзе боюнча добуш берүүдөн баш тартуу тууралуу сөз болбой эле. Мага белгилүү болгондой, кеп мажоритардык-пропорционалдык системага өтүү тууралуу болуп жатат. Башкача айтканда, шайлоочуда эки добуш болот. Бирөөсүн жердешине, айылдашына берсе, экинчисин партияга берет, партиянын программасын колдойт же идеологиясы жакын партияга добуш берет. Идеология, программа тууралуу ойлонуп баштайт. Мен ушундай үмүт кылам. Ошондой эле менин билишимче, преференциалдык добуш берүү системасын киргизүү жана добуш сатып алгандарга жазаны күчөтүү дагы пландалууда. Эгерде ушундай кадамдар жасалса, парламент мурункулардан алда канча алдыда болот. Ал эми эсепке келсек, мендеги маалыматтарга ылайык, 35 депутат бир мандаттуу округдан, 55 депутат партиялык тизме менен шайланып келет.

— Баары бир Кыргызстан бийлик бир кландын колунда болуп, узурпация болбошу үчүн парламентаризмге бара жатты эле, азыр болсо биз кайра баштаган жерибизге, артка кайтып жаткан жокпузбу?

— Кыргызстанда реалдуу парламентаризм болбогонунан баштайлы. Биздеги азыркы абал – аралаш. Начар иштейт. Учурдагы мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасы эффективдүү деп айткан бир кишини тапканга аракет кылып көргүлөчү. Көпкө издейсиңер, бирок таппайсыңар.

Биз азырынча конфтитуциялык реформанын долбоорун көрө элекпиз. Бирок ал жакта тең салмактуулук сакталат деп ишенем. Андай болбосо анда өзгөртүш керек. Долбоор талкууга чыгат да. Демократ катары мен үчүн сөз эркиндигинин камсыз болуусу, сот системасынын көз карандысыздыгы, өлкөдө күчтүү оппозиция бюолушу үчүн жарандык коомдун күчтөлүшү эң башкы орунда. Садыр Нургожоевич муну эң сонун түшүнөт.

Ал эми узурпация тууралуу айта турган болсом. Жапаров сунуштап жаткан президент премьер-министрдин дагы кызматын аткаруусу бийликти узурпациялап алайын дегенин билдирбейт, бул учурда бардык жоопкерчиликти өзүнө алайын деген аракети. Садыр Нургожоевич өлкөдөгү иштердин чыныгы абалын билбейт деп ойлоп атасыңарбы? Жүз пайыз түшүнөрүнөн шек санабагыла. Мен үчүн бул чечкиндүүлүктүн жана жоопкерчиликти башкага оодара калбай өзүнө ала билүүнүн көрсөткүчү. Бизде премьердин талапкерлигин “Ак үйдөн” тандап беришип, депутаттар менен формалдуу түрдө макулдашышчу. Баса белгилеп кетейин, формалдуу түрдө. Анткени депутаттардын көбү дайыма “Ак үйдүн” буйругун аткарышчу. Премьер болсо президентти чагылгандан сактай турчу адам болчу. Экономикадагы кемчиликтерди, инвестициялардын келбей жатканын, социалдык саясаттын чабалдыгын дайыма ага түртүп койсо болчу. Ал “таяк жеп жүргөн баланын” ролун аткарчу. Ошондуктан бизде көз карандысыздыкты алгандан бери жыйырмадан ашуун премьер-министр алмашты. Мындай кадамдар өлкөгө туруктуулук алып келбейт.

Дагы кайталап кетейин, Кыргызстан учурда өзгөчө кризисте, өнүгүүгө өтүүчү этапта турат. Сунушталып жаткан бийликти оптимизациялоо көйгөйлөрдү тез жана эффективдүү чечүүгө жардам берет. Аны ишке ашырууга мүмкүн болобу же жокпу бул башка кеп. Бул жерде көп нерсе реформалар планынан, элге эмне кандай болуп өзгөрөрүн жеткире билүүдөн көз каранды болот.

Биз салтыбызга ылайык, саясатчыларга чапан, камчы, ак калпак белекке берип келебиз. Мен аларга чокой белекке берүүнү сунуштайт элем. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы Шералы хандын окуясы эсиңиздердеби? Мааниси өтө терең окуя. Ал бизди бийликке кантип жана ким аркылуу келгениңди эстен чыгарбоого үйрөтөт. Чокой – бул ата-бабаңды эстен чыгарбоонун, элдин кызыкчылыгы баарынан жогору экенинин символу. Болбосо баары жаман болот. Чокойлорун унуткандардын баарын ушундай күн күтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.