Садыр Жапаров бийликтин ыйыктыгын кайтарып бере алабы?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 02 Ноя 2020 20:59
0 ой-пикир

«Акыл-Эс» аналитикалык тобу – атайын Elgezit.kg үчүн.

Кыргызстандагы “октябрдагы” толкундоолордун эң башкы себептеринин бири бийликтин ыйыктыгынын түп-тамырынан бери жоголгондугунда болду. Бул бир күндө же бир жылда эле келип чыккан жок. Жогорку бийликтин легитимдүүлүгүндөгү көйгөйлөр, элдин бийликтин ыйыктыгын кабыл албаганы бара-бара күч алып, ондогон жылдардан бери топтолуп келе жаткан.

Кыргызстандагы бийлик – бул элдин кызыкчылыгына иштеген ЖОГОРУДАН эң мыктыларга берилген мүмкүнчүлүк болбой калды. Биринчиден, бийликке тажрыйбалуу, билимдүү, стратегдер келбей калганына көп болду. Экинчиден, коомчулукта акчаң болсо бийликти сатып алса же басып алса болот деген түшүнүк калыптанып калган. Финансылык жана адамдык ресурстардын болгону кандайдыр бир өзгөчө таланттын болгонунан кабар бербей калган. Акчаң болсо, демек уурдап алдың дешет, сени активдүү колдогон тарапташтарың болсо, демек сатып алды же бийликке келери менен ал адамды жандап жүргөндөргө майлуу-сүттүү орундар берилет деген түшүнүк бар.

Бирок ага карабастан, бийликке келген ар бир адамга ишеним арткандар да жок эмес, бийлик башына келгендерди мыкты башкаруучу болот деп үмүттөнгөнүп келишет. Бирок иш жүзүндө кайра эле нааразычылыктар жаралат.

Айрым айтылган кептерге караганда, Садыр Жапаров Кыргызстанда толук бийлиги бар президент болгусу келип жатат өңдүү. Ал президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгондон кийин берген маектеринин баарында президенттик башкаруу формасына кайтуу үчүн конституциялык реформа жүргүзөрүн ачык эле билдирип келет. Ал өлкө башчысынын жана Өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын бириктирип, партиялык системаны жоюп, бир мандаттуу же мажоритардык-пропорционалдык системаны алып келүүнү эңсөөдө. Жапаровдун планында депутаттардын санын кыскартуу дагы бар, мындай олигархтык жана кландык парламент менен сүйлөшүп алуу оңой болот эмеспи. Себеби мындай парламенттен эч бир чечим көз каранды болбой калат жана ал кооздук үчүн эле демократиялык институт аталып кала берет.

Толугу менен диктатура болбой, тең салмактуулук болушу үчүн Жапаров курултай институтун киргизет өңдүү.

Азырынча бул орган кандай иштери, кандай принциптерди негиз катары карманары белгисиз. Дүйнөдө мындай прецеденттер жок, Түркмөндөрдүн Халк Маслахатын (Элдик кеңешин) эске албаганда. Бирок Ашхабад дагы андан баш тартып, конституциясына өзгөртүү киргизди, ага ылайык, 2021-жылдан тарта эки палаталуу парламентке өтүшөт.

Коомчулук Садыр Жапаровго мындай саясий реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк береби? Ооба, берет.

Сунушталган реформаларга каршы биригиши мүмкүн болгон демократиялык коомчулук бүгүн эки ача пикирде. Көпчүлүк партиялар, саясатчылар жана жарандык активисттер биригип, тандемди түзүп, күчтү көрсөтүүнүн ордуна, парламенттик шайлоо күнүнүн айланасындагы талкууга белчесинен батып, бири-бирин шайлоону кийинкиге калтырды деп айыпташууда. Демократтар Жапаровдун пландарына байланыштуу өзүнүн пикирин билдирбей, аны ушул кезге чейин жаңы бийлик тарабынан конституциялык реформанын мазмуну жөнүндө эч нерсе расмий жарыяланбаганы менен түшүндүрүп келишет. Бирок, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Al Jazerra  телеканалына берген маегинде, Садыр Жапаров Конституциянын даяр долбоору бар экендигин, анда бир мандаттуу округдарга кайтып келүү каралгандыгын билдирип, “биз парламенттик башкаруу системасына өтө эрте өттүк” деп айткан.

Садыр Жапаров кыргыз бийлигинин ыйыктыгын кайтарып бере алабы? Азырынча так жооп жок.

Бийликтин ыйыктыгы – бул анын көпчүлүк үчүн эффективдүүлүгү, кайсы бир топтун кызыкчылыгына эл эмес, жалпы элдин жыргал жашоосу үчүн иштөө. Мындай эффективдүүлүктүн негизин эл эмнени каалап жатканын билип, элдин пикири менен эсептешүү, менталитетти эске алуу, коомчулуктун талаптарын аткара билүү түзөт.

Башкача айтканда, болжол менен беш-он жыл мурун өлкө үчүн стабилдештирүүчү фактор болуп калышы мүмкүн болгон чечимдер, бүгүн, тескерисинче, башаламандыктын башталышына айланышы мүмкүн.

Садыр Жапаров муну түшүнүп жатабы же жокпу айтуу кыйын. Анын бийликке келгенине аз гана убакыт болду жана башкаруучулук таланты барбы же жокпу деп баа берүүгө азырынча эрте.

Коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча салттуу ураандардан тышкары Садыр Жапаров жарыялаган жалгыз план азырынча Конституциялык реформаны жүргүзүү.

Бирок саясий моделди президенттик башкарууга буруу өлкөнүн өнүгүүсүнө алып келет деп кесе айтуу мүмкүн эмес жана бул кадамдар бийликтин ыйыктыгын кайтарып бербейт.

Бул имаратты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрбөй эле, сыртын жасалгалап коюуга барабар.

Бул кадам тарыхый чакырыктарга жооп бербейт жана коомчулуктун көйгөйүн чечүүчү жол эмес.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.