ЕАЭБтин бажы аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кия” өткөрмө пунктунда “А. уулу А” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган жалпы салмагы 12198,8 кг. болгон турмуш-тиричилик техникаларынын түрлөрү, ич кийимдер жана тамак аш продукциялары табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 4740358 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
ЕАЭБтин бажы аймагынан мыйзамсыз чыгарылып бараткан наркы 5 миллион сомго чукул товар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.