Өлкө башчысынын отставкасы: президенттин милдетин аткаруучунун инаугурациясы, конституциялык реформа же парламенттик жана президенттик шайлоо күнүн белгилөө?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Окт 2020 18:41
0 ой-пикир

Канатбек Азиз, саясий жана юридикалык илимдердин доктору, профессор – атайын Elgezit.kg үчүн

2020-жылдын 15-октябрында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат” деп отставкага кетти. Биз эмне деп айтсак да бул анын конституциялык укугу.

Бирок кийинчерээк маалымат айдыңында өзгөчө абал учурунда мамлекет башчысы отставкага кете албайт деген маалыматтар пайда болду. Бул пикир туура эмес экени талашсыз. Саясий жана юридикалык илимдерди “отставка” термини ага ыйгарылган укуктардан эч кандай себептерди айтпастан эле өз каалоосу менен баш тартуу дегенди түшүндүрөт. Саясий практикада өлкө президенти башка конституциялык себептерге таянуу менен президенттик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу укугун колдонсо болот. Мисалы, “ооруп калгандыктан президенттик ыйгарым укуктарды аткара албай турганыма байланыштуу президент катары отставкага кеттим” дегендей.

Өзгөчө абал учурунда парламент президенттин отставкасын кабыл алабы?

Өзгөчө абал учурунда парламент президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алабы деген суроо туулат. Албетте, кабыл алат. Аларда башка тандоо жок.

Себеби “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти тууралуу” КРНын мыйзамына ылайык, өлкө башчысынын отставкасы тууралуу арызы эске алынып, протокол гана толтурулат. Жана мындай абалда парламент иш берүүчү эмес. Мындан сырткары, президенттин ыйгарым укуктарын анын парламентке кагаз түрүндө арыз жазганынан кийин же өзү бул тууралуу каалагандай формада билдиргенден кийин дароо токтотулду деп эсептелинет. Мисалы, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы тууралуу анын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Бул жерден буга чейинки жылдарда ата мекенде болгон окуяларды да эстесек болот. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылдын 2-апрелинде отставкага кеткен жана бул чечимди Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинде туруп кабыл алган, ал арызын биздин парламенттин депутаттарынан турган делегацияга өткөрүп берген.

Ал эми мурдагы ажо К.Бакиев болсо Казакстандын Тараз шаарынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырган, ал отставкасы тууралуу маалыматты факс аркылуу жөнөткөн. Отставканын мындай формасы убактылуу өкмөт кабыл алган.

Эгерде биздин өлкөнүн тажрыйбасы жетиштүү болбосо мисал катары башка мамлекеттердин практикасын деле карасак болот. Россиянын биринчи президенти Н. Ельцин президенттиктен кетип жатканын 1999-жылдын 31-декабрында жаңы жылдык кайрылуусу учурунда билдирген. 2009-жылдын 11-сентябрында Молдованын президенти В. Воронин отставкага кеткен.

Ал эми Феликс Кулов шилтеме кылып жаткан Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абал тууралуу” конституциялык мыйзамынын 23-беренесине келсек, президенттин отставкасы президент институтунун функциясына, түзүмдөрүнө эч кандай өзгөртүүлөдү киргизбейт. Азыр кеп ыйгарым укуктарды башка адам тарабынан убактылуу аткарууда. Өзгөчө абал учурунда президенттик да, парламенттик да шайлоону өткөрүүгө болбойт. Ошондуктан биз президентти “кармап калууну” же арызын кабыл албай коюуну канчалык кааласак дагы аны жасай албайбыз. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков отставкасы тууралуу жарыялаган күндөн тарта президенттиктен кетти деп саналат. Ал эми парламент болсо муну эске гана алат.

Жээнбеков отставкага өз ыктыяры менен кеттиби?

Коомчулукта Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда президенттиктен кеткени өз ыктыяры менен болдубу деген суроо туулууда?

Бул суроого аргумент менен жооп берүү үчүн ата мекендик жана чет элдик практика менен жооп берсек болот.

Биринчи кезекте алгачкы президент Аскар Акаевдин президенттиктен кеткенин эстеш керек. Өлкөгө келип, мамлекетти башкаруу мүмкүн болбой калганын түшүнгөн А.Акаев президенттик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырууга макулдугун берген, бирок “КРнын президентинин кепилдиктери тууралуу” мыйзамдын аткарылуусун талап кылган. Ага ылайык, А.Акаевге жана анын үй-бүлөсүнө мамлекеттик коргоо, мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү атайын байланыш, транспорттук кызмат көрсөтүү жана жардамчылар аппараты керек эле. Ал кайсы мамлекетте экенине карабастан ушул кепилдиктер берилишин талап кылган.

Аскар Акаев жогоруда аталган мыйзамдын “КРнын биринчи президенти” деп аталган IV бөлүмүнө дагы ишенген, анда экс-президент макамына ээ болгон адам абсолюттук кол тийбестикке ээ экени жазылган.

Жана бир дагы адам же мамлекеттик орган ага карата эч кандай репрессиялык чараларды колдоно алмак эмес. Ошол эле учурда, мамлекет башчысынан мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн президенттик ыйгарым укуктарынын отставкасын тастыктаган документти алган ошол чакырылыштагы Жогорку Кеңеш алар үчүн протоколдо каралган милдеттенмелерди аткарбоо жөнүндө чечим кабыл алат. Тактап айтканда, парламент “КРнын алгачкы президенти тууралуу” бөлүмдү толугу менен алып салып, экс-президенттин укуктары КРнын аймагында гана иштей тургандай кылып өзгөртүп салышты.

К.Бакиевдин отставкасы тууралуу айтсак, анын өлкөдөн кетиши Кыргызстандагы 2010-жылдын 6-7-апрелдеги окуялар менен байланыштуу. Ал президенттикте өз каалоосу менен кеткиси келген эмес, себеби буга башка себеп жок эле.

Ошентип, мунун баары С.Жээнбековдун президенттиктен эрте кетиши, анын өз убагында А.Акаев менен К.Бакиев сыяктуу болуп келген “жаңы” бийлик менен компромисске баруу менен байланышкан өз ыктыярдуу жеке тандоосу экендигин дагы бир жолу тастыктап турат жана Жээнбековдун бул кадамдары «экс-президент» статусун сактап калуу мүмкүнчүлүгүн сактап калган жана импичмент коркунучун жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Албетте, мөөнөтүнөн мурда президенттик кызматтан кеткен А.Акаев дагы, К.Бакиев дагы “экс-президент” макамын сактап кала алышкан эмес. Бул суроо өтө маанилүү жана бир аз убакыттан кийин өтө актуалдуу болот.

Эгерде дүйнөлүк тажрыйбаны карай турган болсок, импичмент жарыялоо коркунучу пайда болору менен АКШнын президенти Р.Никсон жана Пакистандын президенти П. Мушарраф отставкага кетүү чечимин кабыл алышкан. Бул АКШ президенти Б.Обамага да тиешелүү.

Президенттик кызматтан өз убагында Гондурастын президенти — М. Селайя; Грузиянын президенти — Э.А. Шеварднадзе; Малинин президенти А.Т. Туре; СССРдин президенти – М.С. Горбачев жана Латвиянын президенти — К. Улманис ж.б. кеткен.

Эми эмне болот: инаугурация, конституциялык реформа же шайлоо?

Учурда парламент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы менен алек, анын ыйгарым укуктарын ким аткарат деп турушат. ММКлардагы маалыматтарга ылайык, Садыр Жапаров жаңы президент шайлангыча президенттин ыйгарым укуктарын аткарып турат. Парламенттин төрагасы Канат Исаев президенттин ыйгарым укуктарын аткаруудан өз каалоосу менен баш тарткан.

Президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу колдонуп жаткан кишиге карата “убактылуу инаугурация болобу?” деген суроо коомчулукта жаралууда. Албетте, жок. Конституциялык мыйзамда андай процедуралар каралган эмес.

Биринчиден, Кыргызстандын Конституциясы президенттик ыйгарым укуктарды аткарууну тигил же бул субъектке бир нече убакытка гана өткөрүп берет. Ал эми мындай ыйгарым укуктарды алган адам кызматка киришпейт, бирок жаңы президент шайланганга чейин ушул кызмат үчүн Конституцияда каралган ыйгарым укуктарды аткарат.

Ошол эле учурда, ал шайланган статусу боюнча парламенттин төрагасы же министрлер кабинетинин башчысы бойдон да калат. Анын ачык далили катары — Кыргызстанда 2005-жылдын 23-июлунда өткөн кезексиз президенттик шайлоого чейин президенттик ыйгарым укуктарды Кыргызстандын ошол убактагы премьер-министри К.С. Бакиев аткарганын айтсак болот.

Экинчиден, Кыргызстандын Конституциясы өлкө президентинин милдетин аткаруучунун конституциялык укугун чектейт. Тактап айтканда, мындай адам кезексиз парламенттик шайлоону дайындоого, өкмөттү кетирүүгө жана эң башкысы, кезексиз президенттик шайлоодо мамлекет башчысынын кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок.

Ушунун негизинде, өлкөнү конституциялык реформа күтүп жатабы, же Кыргызстандын БШКсы өз алдынча парламенттик, ал эми парламент президенттик шайлоону жарыялайбы, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, эгерде Кыргызстан шайлоону дайындоо жолуна түшсө, анда мыйзамдар бир күндө эки шайлоо өнөктүгүн жүргүзүшү мүмкүн. Буга эч кандай тыюу салуу жок.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.