Президент бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырды. ФОТО

Окуялар тизмеги 28 Июл 2020 15:19
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, 2020-жылдын орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы жана «Алтын сертификатка» ээ болушу менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков азыркы заманда мамлекеттин өнүгүүсү үчүн — жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли чечүүчү мааниге ээ экенин айтты. Өлкөнү илим-билим аркылуу алга сүрөгөн азаматтар аз эмес экенине ишенерин белгиледи.

«Учурдагы этап — биздин өлкөбүздүн өнүгүү тарыхындагы зарыл өзгөрүүлөрдүн мезгили. Анткени биз гана эмес, жалпы адамзат өнүгүүнүн жаңы жолдорун издөөгө муктаж болуп турат. Дүйнөлүк экономиканын мурунку технологиялык базанын негизинде өнүгүү мүмкүнчүлүгү аяктады. Азыр билимге негизделген экономиканын, жаңы технологияларга таянган коомдун мезгили келди», — деди президент.

Азыркы дүйнөдө жүрүп жаткан тенденцияларды туура баамдап, аларга жигердүү катышуу менен гана Кыргызстан социалдык жана экономикалык ийгиликтерге жетишерин белгиледи.

Билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын эскертти.

«Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал — алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багынтууну каалады.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.