ИИМ: 10 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвадан кармалды

Окуялар тизмеги 28 Июл 2020 09:45
0 ой-пикир

2010-жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү Москванын укук коргоо органдары менен биргеликте көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын жараны, Баткен облусунун 1970-жылы туулган К.Д., аттуу тургуну болуп чыккан. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (ири көлөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Баткен шаардык ИИБ тарабынан издөөдө жүргөн.

«Жогоруда аты аталган жаранды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги менен биргеликте “Москва-Бишкек” каттамы боюнча жөнөтүү маселелери чечилген. Азыркы учурда К.Д., аттуу жаран издөө алган тарапка өткөрүлүп берилди». — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.