Азамат Дороев Октябрь районунун акими болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 28 Июл 2020 14:10
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэриянын борбордук аппаратынын жетекчиси Балбак Түлѳбаев өкмөттүн Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү болуп дайындалганына байланыштуу кызматынан бошотулду. Анын ордуна Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары 31 жаштагы Адилет Малдыбаев дайындалды.

Адилет Малдыбаев

Ал эми Октябрь районунун акими кызматына 32 жаштагы Азамат Дороев келди. Ал буга чейин райондук администрациянын аппаратынын башчысы кызматында турган.

Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын башчысы Максим Ситников 2-июлда ээлеген кызматынан бошотулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.