Акыркы суткада 43 медицина кызматкери коронавирустан айыкты

Окуялар тизмеги 28 Июл 2020 12:06
0 ой-пикир

Акыркы суткада 8 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 жана Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 691 учур катталды, алардын ичинен 1520 медкызматкер айыкты”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 33 миң 844кө жетти. Илдеттен жалпы 22 миң 296 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 329ду түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.