Тажикстанда коронавирустан каза болгон медиктердин жоктугу расмий кабарланды

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 10:56
0 ой-пикир

Тажикстанда коронавирус илдетинен бир дагы дарыгер каза тапкан жок. Бул тууралуу 24-июлда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода пресс-конференцияда билдирди.

«Жумуш ордунда бейтаптарды коронавирустан дарылоо учурунда, илдетти жуктуруп жана андан каза болгон дарыгерлер болгон эмес. Тажикстандын башка жөнөкөй жарандары сыяктуу эле дарыгер гигиенанын жоктугунан жана санитардык-эпидемиологикалык нормалардын сакталбагандыгынан улам көчөдө, үйдө жана эл көп чогулган жайлардан жуктуруп алышы мүмкүн”, — деди министр.

Жамолиддин Абдуллозода COVID-19 вирусун жуктуруп алган дарыгерлердин санын атаган эмес. Анын сөзү боюнча бир гана Тажикстандын саламаттык сактоо министрлигинин берген статистикасы туура жана так боло алат.

Саламаттык сактоо министри Тажикстанда коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканын билдирди. Бирок эпидемиянын экинчи толкуну болушун эсепке алыш керектигин кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстанда коронавирус инфекциясы менен 7060 адам ооруп, 58 адам каза болду. Тажикстан коронавирус илдетине чалдыккандар тууралуу алгачкы маалыматты 30-апрелде, пандемия дүйнөгө жайылган кезде гана билдирген.

Ошол эле учурда «Озоди» радиосунун редакциясы өзүнүн изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, так маалымат чогултуп, июндун аягына карата 152 адамдын коронавирустук инфекциядан каза болгондугун далилдеген. Бул расмий маалыматтан үч эсе көп.

«Озоди» радиосунун маалыматына ылайык, болжолдуу түрдө COVID-19дан жапа чеккендердин көпчүлүгү — медицина кызматкерлерлери менен мугалимдер.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.