Шайлоо-2020: саясий партиялардын өкүлдөрүн окутуу семинарлары башталды

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 12:37
0 ой-пикир

Бишкекте парламенттик шайлоого катышууга билдирме жиберген саясий партиялар үчүн алгачкы окутуу семинары өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Семинарда талапкерлердин тизмесин каттоого берүүчү документтердин эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо кампаниясын финансылоо боюнча отчетторду берүүнүн тартиби жөнүндөгү маселелер каралды.

Шайлоо мыйзамдарынын алкагында ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржыланышына, саясий партиялардын, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун тартибине, шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсеби менен чыгымдарына бирдей ыкма киргизилип, ошондой эле каражатты белек катары берүүгө тыюу салынып жана финансылык отчетторду БШК сайтына милдеттүү түрдө жарыялап турууга байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги айтылды.

Семинарда азыркы шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү, агитация жүргүзүүнүн негизги эрежелери, шайлоонун жүрүшүндө ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча маалыматтар берилип, шайлоонун бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар менен камсыздоонун алгоритмдери да талкууланды.

Кийинки семинарларды БШКнын жумушчу топтору тиешелүү темаларга ылайык алып барышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.