Министрлик дарыгерлер үчүн жеке коргонуу каражаттарын колдонуу шартын өзгөрттү

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 13:01
0 ой-пикир

Медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды берүүдө COVID-19 инфекциясынын жугуу тобокелдигине карап берилет. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңештерин эске алуу менен жеке коргонуучу каражаттарды колдонууда бейтаптар менен түз байланышта болбогондор, шектүүлөрдү кабыл алгандар жана тобокелчилик менен иштегендер деп үч топко бөлүндү.

“Жуктуруп алуу тобокелчилиги аз болгон Саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген, белгилүү симптомдору жок, кооптуу өлкөлөргө барбаган, коронавирус менен ооругандар менен байланышта болбогон үй-бүлөлүк медициналык борборлор, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, фельдшердик акушердик жайларда иштеген, тобокелчилик аз болгон жайда иштеген кызматкерлер бир жолу колдонуучу беткап тагынышат.

Экинчи топко тобокелчилик деңгээли орточо болгон, эгер курч вирустук ооруга тийиштүү белгилери (дене табынын көтөрүүлүсү, жөтөл, тамак оору) барларды кабыл алган кызматкерлер респиратор, коргонуучу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, чепчик, бир жолу колдонуучу халат, колкап, алмаштырууга мүмкүн болгон туюк бут кийим колдонушат.

Ал эми тобокелчилиги бийик жайларда, коронавирус менен ооруган жана шектүүлөр менен иштеген медицина кызматкерлери кайсы гана жерде иштебесин респиратор, көздү коргоочу очки, бетти калкалоочу калкан, бир жолу колдонуучу медициналык халат узун жеңи менен, колкап, алмаштыруучу туюк бут кийимди бахила менен кийет”, — деди Акматова. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 33 миң 296га жетти. Илдеттен жалпы 21 миң 205 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1301ди түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.