Таржымалы чулгандуу судья Айбек Эрнис уулу кызматынан бошотулду

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 09:43
0 ой-пикир

КР Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Конституциянын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Абакиров Кайсын Кадырович, Алиев Авчи Мустафаевич жана Сариев Аманбек Орозунбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана алар жергиликтүү соттун судьясы кызмат орундарынан бошотулду:

Экинчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбектин ыйгарым укуктары токтотулуп, жергиликтүү соттун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, судья Айбек Эрнис уулу 2017-жылы Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан маалда таанылды.

Кийинчерээк Эрнис уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча чыгарган өкүмү үчүн жана 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жаткан адамды актаганы үчүн коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.