Экс-консул Эркин Сопоков айып төлөп, эркиндикке чыкты

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 11:13
0 ой-пикир

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков 300 миң сом айыпка жыгылып, сот залынан бошотулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, Сопоков коюлган күнөөнү мойнуна алып, анын негизинде мамлекеттик айыптоочу менен 2020-жылдын июнь айында келишим түзгөн. Эки тараптуу келишимдин негизинде сот жазаны соттук териштирүү жүргүзбөй туруп чектеген.

Сопоков Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») үч эпизодунун негизинде күнөөлүү деп табылган:

-автоунаасын чоочун бирөөлөргө, анын ичинен Айэркен Саймаитиге мыйзамсыз бергени үчүн;

-жубайы Стамбулдагы чет элдик командировкада болду деп 30 пайыздык төлөмдү мыйзамсыз алганы үчүн (УКМК Сопоковдун аялы ал жакта дээрлик жашабагандыгын бекемдейт);

-31 миң долларды медициналык жана башка чыгымдар үчүн деп мыйзамсыз алганы үчүн;

-18 миң долларга автоунаа сатып алганы (башкы консулдуктун чарба иштери боюнча жетекчисинин жардамы менен), дипломатиялык номерди алганы жана аны жеке ишкерге бергени үчүн.

Сопоковго ар бир күнөөлөөнүн негизинде 2 600 эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндө айып пул төлөө каралган. Аны топтоштура келгенде 300 миң сомго чыккан.

Мурдагы консул сот залынан бошотулуп, ага сыртка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды.

«Күнөөлөнүп жаткан тараптын айыбын моюндаганы, өкүнгөнү жана биринчи ирет кылмышка барганы эске алынды. Аны менен катар эле келтирилген материалдык чыгымдар толугу менен калыбына келтириле тургандыктан, сот күнөөсүн мойнуна алгандан кийинки жаза анын оңдолушу үчүн акыйкат жана жетиштүү чыкты деп эсептейт. Мындан сырткары, кийинки кылмыштардын жасалбашына эскертүү болду», — деп айтылат соттун маалыматында.

Эске сала кетсек, Эркин Сопоковго Башкы прокуратура, УКМК Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал консул кезинде дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган, жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталып жатканы кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.