COVID-19: ооруканаларда 12 миң 72 бейтап бар

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 14:55
0 ой-пикир

Кыргызстанда ооруканаларда 12 миң 72 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 5 миң 364 киши, Ош шаарында – 673, Чүй облусунда – 1 миң 566, Ош облусунда – 1 миң 283, Нарын облусунда – 285, Ысык-Көл облусунда – 948, Жалал-Абад облусунда – 966, Талас облусунда – 371, Баткен облусунда 616 бейтап дарыланууда», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 877 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 32124тү түзөт. Алардын ичинен 19203 киши айыгып чыкты, 1249 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.