Бишкекте жаңы оорукананын курулушу башталды. ФОТО

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 14:25
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка караганда, оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат.

Бүгүнкү күндө объектиде даярдоо иштери башталды, курулушту кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү пландаштырылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков оорукананын медициналык персоналы менен жолугушууда саламаттыкты сактоо тутуму жакшы реформаланбагандыктан, аймактарда койко-орундардын, ооруканалардын жана медициналык мекемелердин саны кыскарып кеткендигин айтты. Буга байланыштуу азыр бардык облустарда туруп калган эски имараттар менен ооруканаларды реконструкция кылуу боюнча иштер башталганын белгиледи.

«Биздин жарандар заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү комплекстүү түрдө бир жерден ала алгандай көп багыттуу ооруканаларды курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча кызматташууга кызыкдар инвесторлор бар», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, ушундай эле оорукананын курулушу Ош шаарында дагы пландаштырылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.