Араван райондук ооруканасынын бөлүм башчысы коронавирустан каза болду

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 13:47
0 ой-пикир

Ош облусунун Араван аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Журавой Акимжанов коронавирустан каза болду. Бул кабарды Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Журавой Акимжанов 1953-жылы 18-августта Араван районунун Араван айылында төрөлгөн. Орто мектепти 1970-жылы бүтүрүп Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырган. 1976-жылы балдар хирургу адистигин алган.

Эмгек жолун 1977-жылы Бишкек шаарындагы №3 балдардын клиникалык ооруканасында балдар хирургу болуп баштаган. Кийин Ош шаардык ооруканасында дарыгер-реаниматолог болуп иштеген.

1980-жылдан тартып Араван райондук аймактык ооруканасында иштеп, 2000-жылдан бери аталган аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келаткан.

Журавой Акимжанов «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» төш белгисинин, бир катар ардак грамоталардын ээси.

Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.