Шавкат Мирзиёев 63 жашка чыкты

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 14:20
0 ой-пикир

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда туулган күнүн белгилеп жатат. 63 жашка толгон Шавкат Миромоновичти Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктады. Ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Өзбекстан президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.

Президенттер эки өлкөнүн өз ара гуманитардык көмөк көрсөтүү жаатында аткарган ишин канааттануу менен белгилешип, ошондой эле мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү чараларын талкуулашты.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёевдин президенттик кызматка шайланганына быйыл 14-декабрда 4 жыл толот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.