Россиядан 50 медицина кызматкери келди. Алар кызыл зонада иштешет

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 11:10
0 ой-пикир

Бүгүн 23-июль күнү Бишкекке Башкортостан Республикасынан сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген тажрыйбалуу медицина кызматкерлери келди. Аларды «Манас» аэропортуна Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы жеткирген.

Евгений Кустовдун айтымында, 50 адистен турган 5 медициналык топко хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонологдор жана башка адистер кирген.

Ал белгелегендей, алар Кыргызстанда бир айга жакын убакыт болушат. Ал убакыт ичинде COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардам берүүнү уюштурууга көмөк кылышат. Россиялык адистер кызыл зонада иштеп бейтаптарды дарылоого практикалык жардам көрсөтөт.

Башкыртстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга Россиядан 100дөн ашуун медкызматкер келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.