Экс-элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылды

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 09:05
0 ой-пикир

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан бүгүн, 23-июлда саат 9.00га Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Молниеносная #REакция⚡Повестка в ГКНБ на завтра в 9:00.Чагылгандай #REакция⚡Эртең саат 9:00гө УКМКга Чакыруу келди

Posted by Kylychbek Sultan on Wednesday, July 22, 2020

Экс-элчи өлкөдөгү кырдаалды, бийликти сындаган пикирлерин социалдык тармак аркылуу такай билдиреп келет .

Ал эми Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.